«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Биздин жердешибиз Жапонияда.

29 Декабрь 2017 жыл 9:01
Көрүүлөрдүн саны: 65
      zhaponiyadagy-zherdeshibiz

Албетте билимдүү болсоң кана баарына туруштук берип жана көп нерсени көтөрүп кете аласың. Айтылат ко “Билим ийне менен  кудук казкандай “-деп, анысы карындай билим алуу бул азыркы учурда оңой иш эмес. Азыркы учурда көптөгөн жаштар канчалаган окуулардын төбөсүнө чыкпай же өз кесибин аркалай албай калышат. Бирок мунун баарына ар бир адам өзү себепкер, себеби кимде-ким максат коюп аракет жасаса анда ал адам сөзсүз каалаган максатына жете алат. Мисалга алсак азыркы учурда кайраттуу, окуйм деп жугуруп жүргөн жаштардын саны да жок эмес алардын арасынан Сариев Мелис мырза  азыркы учурда Жапонияда Фукуока шаарында тил мектебинде окуп жана өзүн каржылоо үчүн окуудан кийин газета таратып иштейт,жана дагы өзү жөнүндө кененирээк маалыматты Сариев Мелис мырзанын айтымында:

Мен Сариев Мелис Талас шаарындагы Жонарык айылында  1997-   жылы төрөлгөм, азыркы учурда Жапонияда Фукуока шаарында тил мектебинде окуйм , жана мектептен тышкары газета таратып иштеймин.  Мен башында Талас шаарындагы балдарга билим берүү борборунда окугам  андан соң Аниме аттуу мультфилмди көрүп кызыгуулар пайда болду жана Жапон тилин үйрөнүп азыркы учурда окуп жатам. Мага башында Бишкек шаарындагы  тил жана маданият  борбору  Жапониядагы окуу  жайына төлөнүүчү каражатты каржылап беришкен андан соң өзүм иштеп азыркы учурда өзүмдү-өзүм каржылап жатам жана мага мектептен  Жапониядагы билим берүү министирлигинен 30000 иен стипендия берелет. Негизинен эле менин алдыга койгон максатым АЙТИ жагына жогорку окуу жайга өтүу жана Кыргызстанга максатыма жеткен соң кайтып барам.  Албетте Кыргызстанды абдан сагындым жана баардык Кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктайм, ушул келе жаткан жаңы жыл жакшылыктардын жылы болсун.

     Даярдаган:Тимурова Толгонай: