«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

ЖАНЫ ЖЫЛГА ДАЯРДЫК.

24 Декабрь 2017 жыл 14:36
Көрүүлөрдүн саны: 196
      ZHa-y-zhyl

Кереметтүү кычыраган кыш менен чогу келген жаңы жыл  ар бир эле адамды  кубандырбай койбойт.  Албетте, жаны жылда ар бир адамдын көңүлү көтөрүлүп айрыкча кичинекей балдар аяз атаны кызыгуу менен күтүшөт, жана ар мектептерде жаны жылдык балатылар, кечелер өткөлүлөт.  Бул майрамдарга билим берүү бөлүмүнүн адиси Чалов Чынгыз мырзанын  айтымында.

Бул жаңы жылга карата балатылык кечелер жылда кайталанып келет жана  үйгө же кафе, ресторандарга чоң класстар барууга тыйуу салынган. Албетте дайыма эле массалык отуруштарга тыйу салынып келет ошондуктан ар бир мектеп өздөрү  мектептерге кечелерди уюштуруп олтурушат, жана ар бир мектеп биздин көзөмөлдө болот.

Ушул эле тема боюнча№1жалпы билим берүүчу орто мектебинин уюштуруучусу Райма Расылканованын  айтымында:

Жаңы жылдык балаты майрамы ар жыл сайын бизде майрамдалып келет. Бирок, туура бизге массалык отуруштарды жасоого тыйу салынган жана биз коюлган талаптарга ылайык  ушул №1 орто мектебинде 9-10-11 класстарга жаңы жылдык балатыны өзүн-өзү башкаруу уюму менен биргеликте уюштуруп жатабыз -деп билдирип кетти.

 Даярдаган: Толгонай Тимурова