«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“Короли танцпола” сынагы.

24 Декабрь 2017 жыл 16:00
Көрүүлөрдүн саны: 52

 

      Bij-padyshaasy

Биринчи байлык ден-соолук демекчи ар бир адам ден соолугуна кам көрүүсү керек. Себеби ден соолугуң болсо кана сен бул дүйнөдө адамсын дегендей ден соолугуңду чыңдоо үчүн эч убактыны аябай дайыма ар кандай көнүгүүлөрдү жасап туруу керек. Мисалга алсак бий кружокторуна баруу же деги эле азыркы заманда ден-соолук үчүн ар кандай машыгуучу  жерлерге баруу. Мисалга алсак Талас шаарындагы жаштардын курамынан түзүлгөн АЙКӨЛ бейөкмөт аттуу уюум“КОРОЛИ ТАНЦПОЛА” аттуу сынак жарыялашып,азыркы учурда финалы болуп жатат, жана АЙКӨЛ уюумунун мүчөсүнү  Сайкал Алымбекованын   айтымында:

Чындыгында эле азыркы учурда баардык жаштар жаман жакка кызыгуу менен калыптанууда.  Негизинен  эле биздин максатыбыз жаштарды жакшы жакка үндөп, азыркы  ар кандай алаксытуучу компьютер оюндарынан алыстатуу, же көчө таптап жүргөн жаштарды кызыктыруу десем болот. Албетте жакшы же жаман болуу ар адамдын колунда, бирок аны курчаган чөйрөнүн да таасири тийиши мумкун. Биз буга чейин да көптөгөн иш чараларды, жыйындарды өтөрүп келгенбиз жана бүгүнкү иш чарага мектеп окуучуларынан түзүлгөн топтор жана бий топтору катышты, жана бул бий топтору үч жолу сынактан өтүшүп жана бүгүнкү сынактын жеңүүчүлөрү 15000 сом баш байге алышат. Алдыдагы биздин максатыбыз зор жана ушундай сынактарды уюуштуруу.

Албетте мунун баары азыркы заманда койгойлүү маселе десек жаңылышпайбыз себеби азыр кызыктыруучу жана көз каранды кылуучу оюундардын саны арбын, бирок мунун баарын туура багытта колдонуу ар бир адамдын колунда десек болот, жана “Короли танцпола” сынагынын катышуучусунун  айтымында:

Мен негизинен бул сынакта “MDclub” тобу менен катышам, жана катышканымдын себеби өзүм бийге  абдан кызыгам. Албетте азыр абдан толкунданып, башкача сезимдер болуп жатат жана мен үчүн финалга чейин жетүү чоң сыймык.

  Даярдаган: Толгонай Тимурова