«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

ТОКСИКОМАНИЯ.

20 Декабрь 2017 жыл 11:50
Көрүүлөрдүн саны: 113
      Toksikomaniya

“Эненин оюу балада

Баланын оюу талаада”- демекчи ар бир ата эне өз баласынын эч убакытта жаман жолго баруусун каалабайт эмеспи, дайыма кайда жүрбөсү ар бир  эне баласын ойлоп сарсанаа болуп турат. Бирок азыркы учурда ошол баланы эч  кимден кем кылбай багуу үчүн жаш, тарбияга муктаж балдарын таштап чет өлкөлөргө кетишүукдө.Бирок албетте ар бир ата эне муну бир кана балдары үчүн жасайт. А бирок бул учурда ар бир бала өзүн эркин сезип жаман жолго түшүп кетүүсү ыктымал жана ушул тема боюнча АЙКӨЛ борборунун жетекчисинин жардамчысы  Улан кызы Анаранын айтымында:

Азыркы учурда көптөгөн жаштар кароосуздуктун же тарбия жоктугунун натыйжасында кызыгуу менен наркотик каражаттарын колдонушууда, жана мунун натыйжасында наркотик же спирт ичимдиктерине көз каранды болушуп, акыры өзүнүн өмүрүнө кол салышууда. Буга эмне себепкер десек албетте аны курчаган айлана чөйрө жана анын ата-энеси, себеби баланы жөн эле финанстык жактан эмес маралдык жана матереалдык жактан дагы камсыз кылуу керек. Азыркы учурда көптөгөн жаштар мектептен кийин  бош жана алардын бош убактысы достору менен же керексиз иштер менен өтөт. Ошондуктан биз балдардын ата- энелери  үчүн  балдарды кантип тарбиялоо же кантип туура жолго салуу керек деген темада жыйындарды өткөзүп жана балдардын ата-энелеринен комитет шайладык себеби алдыда алар өздөрү маалыматты элдерге таратуусу үчүн. Алдыда бизде көптөгөн максаттарыбыз бар алардын ичинен декабрь айында   “Короли тацпола” аттуу кече болот бул да болсо жаштарды жакшы жакка үндөө десек болот.

 Даярдаган: Тимурова Толгонай