«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ жана анын кыял жараткан китептери.

17 Декабрь 2017 жыл 12:18
Көрүүлөрдүн саны: 165
      CHyngyz-Ajtmatov

Бизди дүйнө жүзүнө тааныткан, кыргыз элинин сыймыктанаарлык жазуучусу Айтматов Чынгыз Төрөкуловичти азыркы учурда Көк-Ой айылында окуучуларына ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ жана кыял жараткан китептери аттуу темада чоң жыйын өткөрүлдү. Бул жыйын тууралуу уюуштуруучусу Калбу айымдын айтымында:

Бизде бүгүн ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН 89- жылдык юбилейинин эскерүү кечеси болуп өттү. Биздин максатыбыз окуучуларга жазуучуларды таанытуу жана китепке болгон кызыгуусун арттыруу.

Негизинен биздин эскерүү кечебиз КЫЛЫМ КААРЫТААР БИР КҮН аттуу романдан үзүндү болду, жана келген окуучуларга чоң деген жакшы үмүттөрдү калтырдык деген үмүттөбүз.

Ушул эле китепкананын мүдүрү  Айталиева Зуура айымдын айтымында:

Албетте ар бир инсан Айтматов Чынгыз Төрөкуловичти таныбай койбойт. Бирок менин билишимче азыркы учурда китепке болгон кызыгуу төмөндөөдө, ошондуктан биз бүгүнкү эскерүү кечеге окуучуларды чакырдык. Бирок бизде мурун кыргызча китептер аз болчу ошого байланыштуу USAID фирмасына чоң ыраазычылыкты билдирем. Себеби кыргызча китептердин түрүн бизге алып келип беришти, жана азыркы учурда окуучулардын кызыгуусу арбын.

КИТЕП БИЛИМ БУЛАГЫ-БИЛИМ ӨНӨР ЧЫРАГЫ демекчи ар бир адам жан дүйнөсүн китеп аркылуу гана байыта алат. Ошондуктан келгиле урматтуу жаштар китепке болгон кызыгуубузду арттыралы.

   Даярдаган: Тимурова Толгонай