«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

КАЙРЫМДУУЛУК КОНЦЕРТИ.

16 Декабрь 2017 жыл 7:49
Көрүүлөрдүн саны: 85
      Kajrymduuluk-kon...

Адамдын эң асыл сапаттарынын бири бул кайрымдуулук десек болот. Себеби азыркы учурда жардамга муктаж адамдардын саны арбын. Кимдир бирөөгө  жардам кылып соопчулук иш кылсак,анда ал адам инсан катарын толуктай алмак.  Мисалга алсак Талас шаарына караштуу Бекмолдо айылынын тугуну Султанбек уулу Азаматка азыркы учурда  Турциядан бөйрөгүн алмаштыруу үчүн 2000000 сом керектелет, жана азыркы учурда жардамга мукташ. “Коп түкүрсө көл болот,

Көл толкуса сел болот.”- демекчи  Талас элине жардам сурап кайрылган жана бултууралуу дагы  анын айтымында:

Мен эң биринчиден Тамадалар ордосуна чоң рахмат айтмакчымын, себеби азыркы болуп жаткан кайрымдуулук марафонун да Тамадалар ордосу өткөрүп берип жатат, жана Талас элине да чоң рахматымды айтам.

Негизинен эле айтылат ко ден-соолугуң болсо гана адамсың деп ошого байланыштуу Тамадалар ордосунун мүчөсү Сүймөнкул мырзанын айтымында:

Биз тамадалар ордосу буга чейин да кайрымдуулук иштерди жасап келгенбиз жана азыркы учурда  Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепке чоң ыраазычылык билдиребиз, себеби ушул марафонду бекер өткөзуп берип жатат. Ал эми баалары боюнча айта кетсем, негизинен бул Турцияда өтүлүүчү операцияга 2000000 сом каражат керектелет. Ал эми Бекмолдо айыл өкмөтүнөн 70000 сом жана 15 кой, 3 тай, 1 жылкы берилди. А бүгүнкү болуп жаткан марафондон 19000 сом топтолду, ал эми азыркы учурда банкта 262000 сом бар. Дагы бир айта кетчу нерсе биз жер үйгө дагы көпттөгөн кайрылууларды жазадык бирок дагы деле жооп ала албай жатабыз бирок жооп келет деген үмүттөбүз.

Ушул эле Тамадалар ордосунун жетекчиси Жумагулов Мелис мырзанын айтымында:

Биз көп жылдардан бери эле кайрымдуулык кылып келебиз, жана бизге чон жардам көрсөткон Талас элине жана  Радио Мостко чоң рахматымды айтмакчымын.

Жогоруда айтып өткөндөй эле жардамга муктаж адамдар абдан көп ошондуктан жардамын аябаган кайрымдуу адамдар Султанбек уулу Азамат мырзага окшогон адамдарга жардам берсеңиздер болот.

      Даярдаган: Тимурова Толгонай