Биз Куланак айыл аймагына барганыбыздын себеби, ал жактагы Памирлик кыргыздар менен маектешип, алардын ою менен тең бɵлʏштʏк. Биз алардын Памирдеги жашоосу менен Нарындагы абалдын айырмасын сураганыбызда тɵмɵнкʏлɵрдʏ айтып ɵтʏштʏ.
Биз барганда кɵздɵрʏ кʏлʏп турган, кызыл узун кɵйнɵк кийген , мойнуна акак таштуу мончокторду таккан 14 жаштагы Анжирге жолуктук. Ал Кыргызстанга келгенден бери билим алып жатканын бизге толкунданып, бир чети уялып, кыска-кыска жооп берип жатты:
— Саламатсызбы? Сизге бул жер жагып жатабы?
— Жагып жатат.
— Бул жакта эмне менен алек болуп жатасынар?
— Окуу, мектеп иш менен.
— Бул жактын эмнеси жакты?
— Мектеби. Баардыгы жакты. Жакшы экен.
Кийинки маектешибиз 15 жаштагы Нурулхудо Анжирден айырмаланып Ооганстанда билим алган экен. Бирок, ал жакта сабактар ооганча жана англис тилдеринде окутулаарын ал бизге минтип айтып берди:
Сиз англис тилин кайсыл жерден ʏйрɵнгɵнсʏз?
— Англис тилди мен Ооганстандын борбору Кабул шаарында мектептен ʏйрɵнгɵнмʏн. Бирок мен ал жерде 4 жыл эле билим алып калдым.
Учурда Памирден келген балдар кыздар кыргыз тилин ʏйрɵнʏп жатышат. Аларга кʏн сайын Куланактагы мектеп мугалимдери сабак берип жатышат. Бул балдар кыздар Кыргызстанда 5 жыл билим алышат экен.
Памирден Кыргызстанга дагы 100дɵй окуй турган балдар алынып келинмекчи. Мындан ары дагы Кыргыз Республикасы Памирлик боордошторубузду камсыздап, кɵзɵмɵлдɵп турушат деген ойдобуз.
13 октябрьда Памирдеги кыргыз боордошторубуз Нарын районуна караштуу Куланак айылына кɵчʏрʏлʏп келишкен. Азыркы учурда алар Куланактагы №86 кесиптик лицейдин жатаканасында жашап, окуп жана андан сырткары кол ɵнɵрчʏлʏктʏ, заманбап тиричилик техникасында иштɵɵнʏ ʏйрɵнʏп жатышат.
Даярдагандар: Айдана Токонова Нурай Эсенгулова