«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

ОРХИДЕЯ ДҮКӨНҮ.

13 Декабрь 2017 жыл 7:09
Көрүүлөрдүн саны: 147
      Orhideya

Ар бир аял заты гүйлдөрдү сүйбөй койбойт эмеспи. Анткени ар бир гүл бөлмөлөргө эң чоң кооздукту тартуулап көздун жоосун алат. Негизинен эле бөлмө гулдөрү бир кана көрк бербестен бөлмө ичиндеги абаны тазалап, ар кандай жаман жыттарды өзүнө тартып алат. Бирок гул өстүрүү ар бир эле кожейкенин колунан келе бербейт, анткени ар бир гүлду өзүнчө температурада ар кандай каражаттарды колдонуп кароо керек. Мисалга алсак азыркы учурда гүлүмдү кууратып алдым, эми мындай гүлдү кайдан табам деген учурлар ар бирибизге кездешпей койбойт. Бирок бул учурда эч капа болбой  Талас шаарында эң биринчи жолу ачылган ОРХИДЕЯ бөлмө гулдөрүн сатуучу дүкөнгө барып өз купулуңузга толоорлук гүлдөрдү алып кетсеңиз болот. Дагы бул тууралуу ОРХИДЕЯ  бөлмө гүлдөрүн сатуучу дүкөндүн мүдүрү Дуйшөнбеков Кубан мырзанын айтымында:

Негизинен эле Талас шаарына бөлмө гүлдөрүн ачууга мага  гулдөрдү сүйгөн байкем түрткү  берди десем болот. Себеби ал гүл алуу учун Бишкекке барып алчу, анан дайыма айтаар эле Таласта да ушундай бөлмө гүлдөрүн саткан жер болсо деп, ошондуктан байкемдин жана элдердин каалосу боюнча мен ушул дүкөндү ачтым десем болот.  Биз гүлдөрдү Галандиядан алып келебиз кышкы убакта 15 күндө бир, ал эми жайкысын  7 күндө бир. Бизде гүлдөрдүн баасы 50 сомдон 5000 сомго чейин жетет, ал эми гүлдөрдүн баасы жайкыга караганда кышкысын  50 сомго кымбаттайт. Бизге келген кардарлардын баары чоң кызыгуулар менен кайтышууда жана  келген кардарлар уктоочу бөлмөгө кандай гүлдөрдү койсок болот деген суроолорду көп беришет, бирок мен айтаар элем үктоочу бөлмөгө гүл койбой койгон туура, себеби гүлдор күндүз кычкыл текти бөлүп чыгарса, ал эми кечкисин көмүр кычкыл газын чыгарат ошондуктан гүлдөрдү башка бөлмөлөргө койгонуңуз оң. Алдыда дагы бизде  Талас шаары үчүн чоң пландар бар.

Гүлдү сүйгөн гүлдөй назик айымдар ОРХИДЕЯ бөлмө гүлдөрүн сатуучу дүкөнгө барып  өз оюунуздагыдай гүлдөрдү сатып алсаңыздар болот.

Даярдаган: Тимурова Толгонай