«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Балдарга билим берүү мекемеси.

9 Декабрь 2017 жыл 8:57
Көрүүлөрдүн саны: 45
      Dots-bilim-ber-komp....

“Билими күчтүү миңди жыгат,

Билеги күчтүү бирди жыгат.”- демекчи билимдүү болсоң дайыма озүңдүн сүйгон кесибиңди аркалап каалаган максатыңа жете аласың.  Бирок билим алуу оңой олтоң иш эмес, себеби айтылат ко “Билим алуу ийне менен кудук казкандай”- деп ошондуктан өз максатына жетүү үчүн азыртадан талыкпай мээнет кылуу керек.  Ошондо кана өзүн көздөгөн максатыңа жетсең болот. Азыркы учурда техника өнүккөн заман каалаган учурда керек нерсеңди  интернет баракчаларынан тапсаң болот жана өз билимиңди тереңдетүү үчүн Талас шаарындагы Кабылбек Коңурбаев атындагы БАЛАСТАН балдарга билим берүүчү жайга барып өз келечегиңди азыртадан түптөп ар кандай кружок сабактарына катышсаң болот. Бул тууралуу дагы  кененирээк маалыматты БАЛАСТАН балдарга билим берүүчү  мекеменин мүдүрү Сарыгулова Чолпон Исламовнанын айтымында:

 БАЛАСТАН балдарга билим берүү мекемесинде миңдеген  окуучулар бар, алардын арасынан ден соолугу жагынан начар же көп бир туугандуу же жетишпеген жашоодо жашагандар  акча төлөшпөй окушат. Мисалга карасак бизде баары миң окуучу окуса  алардын арасынан эки жүздөйү кана акча төлөп окушат.  Бизде көптөгөн ийгиликке жетишкен окуучулардын саны арбын алардын арасынан Даткайым бий тобу ар кандай сыйлыктарга жетишип Турция жана Кипрге барып фестивалдарга катышып келишкен.

Баластан балдарга билим берүү мекемесинде Япониядан келген Таалай мырза Япон тилин үйрөтүп сабак берет. Анын айтымында:

 

Менин кичинемден эле максатым сабак берүү болчу.Мага өзүмдүн кесибим  жана Кыргызыстан  абдан жагат деген билдирүулөрүн калтырды.

Кыргыз элин дүйнө жүзүнө тааныткан Манас сабагы да  Баластан мекемисинде бар. Манас таану сабагын  Анарбек Жумалиев аттуу мырза берет. Анын айтымында:

Манас таану сабагы баардык окуучуларга керек деп ойлойм, себеби Манас атаны тааныбай коюуу болбос. Азыркы учурда окуучулардын саны он чакты, келген окуучулардын баары чоң ийгиликтерге жетишип кызыгуу менен окушат.

Билим кана адамды бийик жана эркин кылат демекчи  баарыбыз билимдүү болуп өз келечегибизди өзүбүз куралы.

           Даярдаган: Тимурова Толгонай