«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“ AIDA арт” кыргыз кийимдер дүкөнү.

6 Декабрь 2017 жыл 6:35
Көрүүлөрдүн саны: 115
      aida-art

Кыргыз эли илгертеден эле бүткүл дүйнө жүзүнө өзүнүн каада-салт, үрп аддаттары менен жана улуттук кийимдери менен таанымал. Бирок азыркы учурда ошол бүткүл дүйнө жүзү суктанган кыргыз кийимдерибиз кийилмек тургай унутулуп бара жатткандай. Азыркы учурда базар болобу же дүкөн болобу бардыгында эле чет өлкөлөрдүн кийимдерине окшош кийимдер сатылууда. Албетте, мунун баары элдин каалосу десек болот.   Айтылат ко “Улут болсон тилин менен улутсуң”-деп  ошол эле сымал биздин кыргыз кийимдерибиз кыргыз экенибизди дүйнө жүзүнө таанытып, көрсөтүп жаткан кыргыз көйнөктөрүбүздү унуттуп, көмускөгө салып койсок болбос.  Бул тууралуу дагы кенениреек маалыматты “AIDA арт”-дукөнүн жетекчиси Садырова Бактыгүл айымдын айтымында:

Талас  шаарында ушул убакытка чейин кыргыз кийимдерин саткан дүкөн жок болчу, ошого байланыштуу мен Бишкек шаарындагы AIDA арт  фирмасы менен 10 жылдык келишим түзүп азыркы учурда иштешип жатам. Негизинен эле келген кардарлардын баары эле мурун көрбөппуз деген кызыгуулар менен кайтышууда.  Биздин ачылганыбызга 7 айдын жузу болду, кыргызча көйнөктөрдүн жана чермейлердин турун сатабыз. “AIDA арт” фирмасы менен бир гана мен эмес Роза Отунбаева, Асел Кадырбекова жана дагы биздин белгилүү инсандарыбыз иштешет.  Ал эми сапат жагынан айтсам эң жакшы, анткени көйнөктүн кездемелери Дубай жана Индиядан түз алынып келинет. Ал эми саймалар жибек жип менен сайылат жана чет өлкөлөргө да экспорттолот. Алдыда дагы элдин сунушу менен польто  жана кече көйнөктөру келет. Негизинен эле айтылат ко “Адамдын көркү чупүрөк’- деп ошондуктан канчалык баасы кымбат болсо да   сапаты жогору болгондуктан ар бир  адамды кош көңүл  калтырбайт десем болот.

Биз бүткул дүйнө жүзүнө  өзүбүздүн улуттук кийимдерибиз менен таанылып жаткан соң, кыргыз экенибизди унутпай тескерисинче даңктайлы.

Даярдаган: Толгонай Тимурова.