«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Айя Style сулуулук салону.

28 Ноябрь 2017 жыл 15:24
Көрүүлөрдүн саны: 102
      Ajya-style

Талас шаарында сулуулук салондорунун саны арбын, бирок ага карабастан уламдан-улам саны көбөйүүдө.  Бирок  бул салондордун көбөйүшү ар бир эле айымдын көңулун көтөрөт эмеспи.  Мисалга алсак Талас шаарындагы эң көрүнүктүү   Айя Style салонунун жетекчиси  Шүкүрова Айя алдыда дагы бир салон ачам деген максатым бар  деген ойлорду айтууда. Негизинен эле Шүкүрова Айя айымдын айтымында:

Мен өзүм ар нерселерди кооздоп жасоого кызыгам, ошондуктан мен башкача айтканда жасалгалоо жагын тандадым десем болот. Сулуулук дүйнөсүнө аралаша баштаганыма 7-8жылдын узуру болуп калды, ал эми сулуулук салонун ачканыма жакынкы арада 3 жыл болот.   Мен эч убакытта башка салондордон айырмаланып турам же озгочолукторум бар деп айта албаймын, бир гана озумдун чеберчилигимди онуктурүү үчүн Бишкек шаарына барып ар кандай семинарларга катышып келем.  Ал эми чач жасалгалоо боюнча айта  кетсем, чач кыркуу 150 сомдон ойдо  ал эми  чач жасоо 350 сомдон ойдо. Жакынкы арада биздин Талас шаарыбызга АйяStyle2 аттуу сулуулук жана үлпот койноктор салонун ачтым, дагы алдыда дагы бир салон ачам деген үмүттөмүн. Биздин салондо  чач жасоо,  макияж жасоо жана тырмакка маникюр жасоо болумдору оз кызматын атткарышыт.

Ал эми Айя Style салонунун тырмак жасоо бөлүмүндө Асель аттуу айым эмгектенет. Асель айымдын тырмак жасоо менен алектенгениме 2 жыл болду. Мага өзүмдүн жумушум өтө оордукту жаратпайт себеби мен жумушума өтө кызыгам.  Тырмак жасоонун көптөгөн турлөрү бар мисалга алсак  эң жөнөкөйү 200 сом,  ал эми мындайча айтканда эң кымбаты десем 1500 миң сом болот. Ал эми кардарлардын саны бир күндө ар кандай  бул сезонго жараша десем болот.

Ал эми ошол эле салондо  макияж жасоо менен эмгектенген  Нурзада айымдын айтымында

Мен макияж жасоо менен алектенгениме 2-3 айдын жузу болду. Мен бул кесипти тандаганымдын себеби кичинемден сүрөт тартууга кызыкчумун балким ошондон болсо керек. Ал эми макияж жасоонун түрлөрү коп, ошого жараша баалары кымбат, арзан болуп бөлүнөт.

Негизинен эле бул дүйнөдө ар бир айым  бири- биринен ашкан сулуу десек болот,  жана ошол сулуулукту көрктөндүрүү үчүн сулуулук салондоруна барып өз көңүлүңүздөрдү көтөрүп кетсениздер болот.

Даярдаган: Тимурова Толгонай.