Аба ырайынын шарттарына ыңгайлаша билүү зарыл. Кыш бизге жагымдуу жана анчалык жагымдуу болбогон жаңылыктарды алып келүү менен өзүнүн ишине киришти. Кар көздү кубандырып жатканы менен көк жылгаяк болгон жолдор дайыма шайыр жүргөн адамдарды дагы анчалык кубандырбайт.
Талас шаарынын патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниниги Аширбеков Байыш Каналбекович кышкы убакытта көп айдочуулар жайкы дөңгөлөктөрү менен жүрүшөт деп айтып кетти.
“Азыркы убакытта бизде жол кырсыгын азайтуу максатында рейддер жүрүп жатат. Жана айдочуулар менен түшүндүрүү иштерин өткөзуп жатабыз”
Жалпысынан 2017 жылдын 11 ай ичинде 94 жол кырсыгы катталып, 25 адам каза табып, 87 адам жаракат алды. 2016 жылга салыштырмалуу жол кырсыгы азаюда.
Жол коопсуздук көзөмөлдөгөн кызмат кырсыктардын көбү катуу ылдамдыктан жана жол эрежелерин сактабагандан келип чыгарын айтып келүүдө.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова