«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“Эконом” супер маркети.

26 Ноябрь 2017 жыл 15:31
Көрүүлөрдүн саны: 69
      Ekonom-super-marketi-mp3

 

Талас шаарында негизинен супер маркеттердин саны арбын. Бирок канчалык көп болсо да элдердин саны көпчүлүк супер маркеттерде  жетиштүү десек болот. Алардын ичинен өзүнүн ыңгайлуулугу менен жана арзандыгы менен айырмаланып турган маркеттердин бири бул Эконом. Себеби базар баасынан бир кыйла баада арзан, башкача айтканда өз капчыгынызга коп оордукту келтирбейт. Бул тууралуу кененирээк маалыматы Эконом маркетинин жетекчиси Бексултан мырзанын айтымында

Аты айтып тургандай Эконом супер маркетинде баардыгы үнөмдүү. Негизинен эле маркеттин ачылганына бир жыл аралыгы болду. Биздин максатыбыз Талас элине кызмат кылуу жана элди арзан баадагы азык-түлүктөр менен камсыз кылуу, жана дагы алдыда чоңойобуз деген үмүттөр бар.

Талас элинин супер маркеттерге болгон көз караштары кандай?- деген суроо боюнча биз Эконом соода маркетинде соода кылып жүргөн Бурул айымга кайрылсак, Бурул айымдын айтымында мен бааларына деле көп басым жасабайм  бир гана мага жакканы тазалыгында жана сапатты жакшысында деген жооп кайтарды.

Албетте баарыбыз эле биринчиден таза жана ыңгайлуу жерлерден соода кылганды жакшы көрөбүз. Ошол талаптардын баарына жооп берген Эконом супер маркетине барып эң төмөн баада соода кылып кетсениздер болот.

   Даярдаган: Тимурова Толгонай