«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Сулуулук дүйнөнү сактайт.

24 Ноябрь 2017 жыл 5:29
Көрүүлөрдүн саны: 49
      Suluuluk-dujnonu-saktajt-Mixdown-1

Ар бир эле адамдын оюуна “Канткенде сулуу боло алам?”- деген суроо келиши мүмкүн. Ал үчүн эч убакытыңызды коротпой өз сулуулугуңузду көрктөндүрүү  үчүн  үй шартында же болбосо убакытты үнөмдөп сулуулук салондоруна кайрылсаныз болот.  Мисалга алсак Датка комплексинде өз ден соолугуңуздан баштап, сырткы келбетиңизге чейин сулуулап ажарыныздарды ачып кетсениздер болот. Датка комплексинин кожойкеси Роза Исаеванын айтымында

Датка комплексинде кызматтардын тырмагыңдын учунан баштап чачтын  учуна чейин жасалгалоочу бөлүмдөрү бар.  Ар бөлүм өз кызматын так жана канааттандырарлык аткарат  келген кардарларды көңүлкош калтырбайт. Негизинен эле Роза Исаеванын сулуулук салонун ачканына эки жыл болду жана өзгөчөлүгү үлпөт көйнөктөрү жана Турция, Кытай өлкөлөрүнөн түз алынып келинген саргеч кийимдер дагы бар жана эң маанилүүсү ден соолугунуздарды чындоо үчүн фито бочка жана кыргызчылык жол менен даарылоочу болуму бар.

Ал эми макияж жасоочу бөлүмүндө Эрдешбаева Айнура Узаковна макияж жана татуаждын түрлөрүн жасап эмгектенет. Айнура айымдын сулуулук дүйнөсүнө аралаша баштаганына он жыл болду. Айнура айымдын макияж жасоосунун өзгөчөлүгү бул өтө оор кылбоосунда, анын айтымы боюнча ар адамдын өз сулуулугун касметика менен жабып салбай, тескерисинче касметика менен көрктөндүрүүгө аракеттенет. Ал эми макияждын  баалары болсо туруктуу бир гана июнь, июль айларында акция уюштурулат.

Жана ошондой эле Датка комплексинин чач жасалгалоочу болүмүндө Кудайбергенова Гандира айым эмгектенет. Чач жасалгалоонун көп түрлөрү бар. Алардын ичинен эң кымбаты 1500 сом ал эми чач кырктыруу 150 сом. Гандира айымдын чач жасалгалоо менен алектенгенине 7 жыл болду жана өзгөчөлүгү колдонгон каражаттарынын кымбаттыгында.

Датка комплексинин  маникюр бөлүмүндө дагы Нурлан кызы Элизат эмгектенет.  Элизат айымдын эмгектенгенине 8ай болду  ал маникюрдун баалары болсо жөнөкөйү 150 сом, шеллак 300 жана башка дагы  түрлөрү дизайнына жараша кымбат арзан болуп бөлүнөт. Ал эми өзгөчөлүгү бул лактардын фирмасынан жана маникюр жасоочу адамдын чеберчилигине байланыштуу дизайнынан айырмаланат.

Биринчи байлык ден соолук демекчи Датка комплексинде ден соолукту чындоочу фито бочка бар жана тамыр кармап даарылоочу эжекелер эмгектенет. Бул массаж жасоо 10 күнгө 7000 мин сом. Ал массаж жасоонун ичинде баардык дарылоочу каражаттар кирет жана эң маанилүүсү мындай каражаттар бир гана Датка комплексинде бар.

Жогорудагыдай сулуулук дүйнөнү  сактайт демекчи ар бир айым өз  сулуулугун көрктөндүрүү максатында  Датка комплексине барып  өз маанайыңыздарды көтөрүп сулуу жана ден соолукта болуп кетсеңиздер болот.

Даярдаган:   Тимурова Толгонай