«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас шаарында мончо мезгили ачылды

23 Ноябрь 2017 жыл 12:26
Көрүүлөрдүн саны: 72
      Talasta-moncho-mezgili-achyldy_-23-11-17

   

    Азыркы заманда арзан жана суроо-талапка жооп берген мончо бизнеси Талас шаарында өнүгүүдө. Бир убакытта жуздөн ашык кардарларга кызматын көрсөткөн мончолор саналуу болсо, бөлмө-мончо бизнеси менен иштеп акча тапкандардын саны  арбын.

Талас шаары боюнча бир нече чоң мончолор иштесе, кичи бөлмөлүү мончолордун саны  шаар боюнча  10 ашык. Баардыгыбызга белгилүү болгондой мончо сезону күз мезгилинен жаз мезгилине чейин уланат.

Арыков Нурдин Расулович, “Достук” мончосунун ээси

“Баардыгы билгендей мурда убакытка ылайыктуу заманбап мончо Талас боюнча жок болчу. Ошол себептен 5 жыл мурун биз өнөктөшүм Талант экөөбүз мончо курууну чечкенбиз. Биздин мончо саат 9:00дан кечки 23:00 чейин кызмат кылат. Кардарлар үчүн ар кандай шарттар тузүлгөн, мисалы жылуу пол, кафе-бар, бассейн, пиллинктин түрлөрү, массаждык бөлмө жана сулуулук бөлмөсү. Дагы бир өзгөчөлүгү, пенсионерлер жана согуш ардагерлери үчүн шейшенби жана шаршенби күндөрү 50% арзандатуу. Антан тышкары мончодо кичи кабиналуу мончолор иштейт, бир жарым саатына 250 сом. Кудай буйруса жазында дагы бир жаңы мончо куралы деп пландап жатабыз.”

«Муслим» мончосу

“Муслим” мончосу 4 жылдан ашык элге кызмат кылууда, бул мончонун өзгөчөлүгү онго жакын бөлмөлүү мончолор иштейт. Айталиев Эркин Жылдызбекович мончо башчысы, анын айтымында ар бир бөлмөнүн баасы ар башка, квадратурага жараша.

“Бул мончо атайын мусулмандар үчүн ылайыкташтырылган. 2013 жылдан баштап иштеп келе жатабыз. Биз үй-бүлөөлөр үчүн ылайык болсун деп, 3-4 адам бата турган бөлмө мончо курганбыз. Баасы киши башына 50 сомдон 80 сомго.”

«Эламан» мончосу

Дагы шаарыбыздын борборунда жайгашкан “Эламан” мончосунун ээси, аты жөнүн билдиргиси келген жок. Бирок мончо боюнча айтып берди. Биз билгендей бул мончо, башкалардан айрымаланып дааратканасы, намазканасы жана  душ бөлмөсү  бар.

“Эламан мончосу 7-8 жылдан бери иштеп келе жатат. Баасы 100 сомдон. Мончобуз чакан, үч кызматкер тейлейт.”

Биринчи мончолордун негиздөөчүлөөрү бул Байыркы Грек, Рим жана Египет элдери. Белгилүү болгондой мончо адамдагы болгон терс энергетиканын баарын тер менен алып чыгат.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова, Зоотбек Ботукеев