«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Ден-соолук өмүр булагы

21 Ноябрь 2017 жыл 7:42
Көрүүлөрдүн саны: 74

Биринчи байлык ден-соолук дегендей адам баласына эн маанилүү болуп ден-соолук эсептелет.Көп адамдар үй-бүлөөсүн,балдарын багыш үчүн ден-соолугун карашпайтта, көп ооруларга кабылышат.Ошол себептерден улам ар кандай ооруларды алдын-алуу максатында, Нарын районунун Жерге-Тал айылынын дарыгерлер тобуна «Азыркы учурда кандай оорулар пайда болууда,себеби эмнеде?»деген суроо менен кайрылдык Үй-бүлөөлүк эмчи айым Максʏталиева Айзада тɵмɵндɵгʏлɵрдʏ айтып ɵттʏ:

Учурда Жерге-Тал айылында сарыктын А тʏрʏ жʏрʏп жатат. Жайлата 20-30 бала ооруду. Сарык менен ооругандардын кɵбʏнчɵсʏ ооруканага жатып даарыланышты, ал эми калганы ʏйʏндɵ эле даарынын жардамы менен болушту.  Сарыкты санитардык жол менен жойсо болот. Буга чейин биз садик, мектептерге тʏшʏндʏрмɵ иштерин жʏргʏздʏк.

ʏй-бʏлɵɵлʏк эмчи айым Турдумбаева Мээрим тɵмɵндɵгʏлɵргɵ токтолду:

 

   Мага азыркы учурда аз кандуулук менен жабыркагандар жана мите курт оорулары боюнча кайрылгандар кɵп болуп жатат. 2 жаштан 5 жашка чейинки балдардын арасында аз кандуулук оорулары ɵтɵ кɵп. Биз элдерге туура тамактануу боюнча тʏшʏндʏргɵнгɵ аракет кылып жатабыз.

Бул ооруну алдын-алууда туура тамактанууну ʏйрɵнʏш керек-деп эмчи айым билдирди.

Дени сак улут-кʏчтʏʏ мамлекет дегендей айыл жериндеги тургундарыбыздын ден-соолугу чын болушуна ɵздɵрʏ ɵбɵлгɵ болуусу зарыл, андыктан спорт менен маашыгып туура тамактануу керек.

      Den-sooluk-2

 

Даяардагандар: Гулипа Амангелдиева

Мырзайым Сʏйʏнбекова

Назима Бакытбекова