«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Кыргыз киносунун жаралган күнү/

20 Ноябрь 2017 жыл 11:23
Көрүүлөрдүн саны: 49
      Kyrgyz-Kinosu-Kunu_17-11-2017

17 ноябрь күнү Кыргыз киносунун жаралган күнү деп эсептелет.  73 жылдан бери кыргыз кино ишмерлери кесиптик күнүн 17-ноябрда белгилеп келишүүдө.Кыргыз киносунун тарыхы 1941-ж. түзүлгөн көркөм, документалдык жана анимациялык тасмаларды өндүрүүчү «Кыргызфильм» киностудиясы менен тыгыз байланышкан.

1967 жылы Талас шаарында Кырк-Чоро кинотеатыры курулуп бүтүп ишке берилген. Ошол кундөн тарта үзгүлтүксүз иштеп келе жатат.

Андарбек Жусупбекович Майылбеков,  Кырк-Чоро кинотеатырынын жетекчиси болуп иштеп келе жатат, анын айтымы боюнча көрармандардын аудиториясын көбүнчө жаштар түзөт

“Аксакалдар көп келишпейт, алар  үчүн биз атайын майрамдарда бекер кино көрсөтөбүз. Мисалы алганда Ата-мекен согушутун эмгек  ардагелери үчүн жана ошондой эле пенсионерлерге дагы белек катары карылар күнүнө карата кирүү бекер.”

Ырыскеди кызы Сайкал, 17 жашта

“Мага тарыхий кинотасмалар жагат мисалы Үркүн, Саякбай. Күндө эле кинотеатырга барып турамын.”

Кырк-Чоро кинотеатыры

Кыргызстандын киноисскуствону жараткан бардык инсандарды майрамы менен куттуктайбыз жана чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова