«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Элдик кабарчы — Талас облусунун сыймыгы.

20 Ноябрь 2017 жыл 8:23
Көрүүлөрдүн саны: 116

«Радиомост» жамааттык үналгысынын кабарчысы Сулайманова Азимкан Эсенбековна Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнүнө карата, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын “Ыраазычылык каты” менен сыйланды.

Азимкан Эсенбековна Бакайата районунун, Кыргызстан айылынын  орто мектебинини мугалими. 2008 жылдан тарта “Радиомост” үналгысында элдик кабарчы болуп эмгектенип келет. Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана ошондой эле калктын күжүрмөн эмгегин чагылдырууга кошкон салымы зор.

Эскерте кетсек, 2008 жылы “Радиомост” Талас облусу боюнча 53 элдик кабарчынын түйүнүн түзгөн, бул долбоор Кыргыз Республикандагы Европалык коммисиясынын өкүлчүлүгү тарабынан каржыланган.

      Azimkan-Esenbekovna

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова