«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас: Кабаттуу үйлөргө жылуулук 151 күн берилет.

14 Ноябрь 2017 жыл 11:41
Көрүүлөрдүн саны: 116

Талас шаары боюнча жылуулук беруу сезону 2017-жылдын 3-ноябрынан башталып, 2018-жылдын 20-мартына чейин уланат. Жалпысынан шаарга жылуулук 151 күн берилет.

      ZHyluuluk-kamsyzdoo-sezonu-14-11-2017

Откана

Талас жылуулук камсыздоо ишканасында шаар боюнча 4 откана бар, анын ичинен 3 откана көмүр менен, ал эми борбордук откана мазут менен иштейт. Отканалар 44 коп кабаттуу үйлөрдү  жана 97 коммерциалык ишканаларды жылуулук менен камсыздайт.  Бир кыштан чыгуу үчүн жылуулук камсыздоо ишканасына жалпысынан 1700 тонна көмүр жана 1500 тонна мазут керектелинет.

Талас жылуулук камсыздоо ишканасынын жетекчиси Мирлан Казиевичтин айтымында, бул отканалар 40 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келуудо.

“Аталган отканалар өзүнүн мөөнөтүн иштеп чыгышкан. Жайында бир отканабызды жанырттык. Дагы жаңы көмүр отказандарга сунуштама берип жатабыз. Жаңы жылга чейин орнотуп ишке киргизебиз деген ойлорубуз бар”, деди Мирлан Казиевич.

Талас шаарынын отканалары 1976-жылы курулгандыктан, алар жаңыртылууга муктаж. Оңдоп-түзөө иштерине 2017-жылы  2 миллион сомдон ашык акча сарпталган. Быйлкы жылдын эсеби менен №4 отканага жаңы заманбап отказандар коюлду.

Бүгүнкү күндө жылуулук камсыздоо ишканасынын дебитордук карызы (элдин карызы) 9 миллинон сомдун тегерегинде.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова