«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Менин келечектеги кесибим

3 Ноябрь 2017 жыл 12:32
Көрүүлөрдүн саны: 251

Мектепти аяктаганда улан-кыздар окуганга, иштегенге, келечегин жакшыртууга аракет кыла башташат. Ар бир кесип ардактуу- дегендей эле бир кесиптин ээси А.Табалдиев атындагы орто мектебинин физика сабагынан берген мугалим Мээрим Калыкова төмөндөгүлөрдү айтып өттү:

    Мен  тандап  кесибим-мугалим. 2009-жылдан бери Табалдиев  атындагы  орто  мектепте  эмгектенем. Мен үчүн  жан  дүйнөсү  таза  окуучулар  менен  иштөө аларга  физика  сабагын окутуу  жана  тарбия  берүү  абдан  жагат. Мугалимдик  кесип  мен  үчүн  ардактуу кесип!

Ал эми  11-классынын  окуучусу   Мээрим  Жумабекова  мындай деди:

   Мен  келечекте  журналист  болгум келет. Өзүм  саясатка  аябай  кызыгам. Журналист  болуп  көп  нерселерди   үйрөнүп, чет  мамлекеттерди  кыдыргым  келет. Азыркы  учурда  ЖРТга  кызуу  даярданып  жатабыз.

     Ал эми Бакай келечекте дене-тарбия мугалими болуп, баардык муундарды спортко үндөп, спорт жаатын өнүктүргүсү келет.

9-классынын окуучусу Таалайбек уулу Бердибек төмөнкүлөрдү билдирди:

     Мен  11-классты  бутуп  электрик  жагына  тапшырам.Келечекте  электрик  болгум  келет.

 

Ар  бир  окуучу  өзү  каалаган  кесибине  ээ болуп, Кыргызстанга  чон  салымын  кошот деген  үмүттөбүз.

      Menin-kelechektegi-kesibim

    Даярдагандар: Гулипа  Амангелдиева

                                                 Нурай Эсенгулова