«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Барскоондогу жер жемиш бизнеси

23 Октябрь 2017 жыл 10:25
Көрүүлөрдүн саны: 31

Барскоон айылында жер жемиш бизнеси менен башка айылдарга салыштырмалуу алдаканча көп адамдар бул бизнес менени штешет. Көпчүлүк дыйкандар, багбандар булл жер жемиш бизнеси менен өзүлөрүнүн үйбүлөөсүн баардык каражаттар менен камсыз кылат. Октябрь айынын орто ченинен баштап, айыл жашоочулары эмгектенип баштайт. Барскоон айылында быйылкы түшүм былтыркыга караганда азыраак болду деп көчүлүк  адамдар өзүлөрүнүн оюн билдиришти.

Барскоон айылынын тургуну, жеке ишкер Бакыт Ботбаев быйылкы түшүм тууралуу өзүнүн оюн төмөнгүдөй билдирди:

«Түшүм сатуучулар жылдан жылга көбөйүп атышат. Айылда бак көбөйүп атат баары бак тигип жатышыт. Быйылкы түшүм эмне, былтыр түшүмүбүз болбой калган, мөндүр уруп кеткен быйыл түшүм азыраак бирок баасы жакшыраак болупатат элге. Азыр эле таможня бир аз кыйнап баасы түшүп көп өтпөй жатат. Бирок былтыркыга караганда шүгүр».

Барскоо найылынын тургуну, Кумтөр ишканасынын ишкери, багбанчы Эсенаман Кененбаев өзүнүн алма багы тууралуу кабарчы менен маек  курду

« Барскоон жергесинде жердин шарты ак топурактуу, таштак кургак болгондуктан бизге деген эӊ ыӊгайлуу шарт абрикостун түрүн отургузууга жакшы, вишня, черешня, алма, ашпурт деле отургузуп жатабыз. Ар биркөчөт отургузгандан кийин өзүнүн сортуна жараша 2 жыл, 3 жылдан кийин мөмө бере баштайт. Ар бир көчөттү жаш баладай карап, алдына подкорумка берип нейтраттардан азоттордон удабрениясын,  эӊ  негизгиси органикалык удабрения берүүнүн негизинде көчөт чоңойот. Түшүмдү алгандан кийин муну же ӊилбаагасатын жибербестен биз сактап, подвалдарга кою панан кийинкисин баасын чыгарып сатууга аракет кылабыз».

Барскоон айылынын тургуну, Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин география сабагынын мугалими Мая Жакшыбекова түшүм менен үй бүлөөсү камсыз болгонун айтып берди:

«Азыркы убакта кудайгашүгүр Барскоон эли тала дыйканчарбабызга алма өрүк тиккенбиз. Бирок жалгыз гана үйбүлөнүн кирешесин алма өрүктүн түшүмү менен багууга ишенчилик жок. Анткени климат бирде үшүк жүрөт, Барскоон айылында кээде болсо жакшынакай климат болушу мүмкүн. Ошону үчүн жалгызгана түшүм менен үйбүлөнүн бюджетин кароого болбойт. Алманын түшүмдөрү былтыркыга караганда төмөнүрөөк. Буга болсо климаттын мээлүүн болушу же болбосо жазгы убакта сууктун көбүрөөк болушу таасир этти деп ойлойм».

Даярдаган: Нуртегин Кусеинов, Нуриза Нурбекова

Мобилдик мектеп радиосу