«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Таласта облустук «Жаш-Тилек» жаштар форуму өтөт

12 Сентябрь 2017 жыл 7:53
Көрүүлөрдүн саны: 40

Талас шаарында 2017-жылдын 12-сентябрь күнү Байбол ресторанында “Жаш-Тилек” облустук жаштар форуму өткөрүлүп, анда жаштардын билим берүү, жумушсуздук, экология, саламаттык сактоо жаатындагы көйгөйлөрү жана чечүү жолдору талкууланып, соңунда резолюция кабыл алынып КРдин президенттигине талапкерлерге сунушталат

Иш-чарага Талас өрөөнүнүн баардык аймагынан чогулган ар тараптуу 150 жаш активисттер, саясий партиялардын жаштар канаттары, жалпыга малымдоо каражат өкүлдөрү жб кадырлуу коноктор катышат.

Форумдун негизги максаты: жаштардын арасында жаралып жаткан олуттуу көйгөлөрдү билүү жана аны чечүүнүн жолдорун биргелекте талкуулап талапкерлерге сунуштоо.

Аталган форум “Талас областык жаштар Кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда жана Улуттук Демократиялык Инситут тарабынан колдоого алынган.

12 сентябрь күнү саат 9:00 жамааттык радио “Радиомосттун” толкунунда “Жаш Тилек” форумунун ыктыярчылары жана уюштуруучу Бектур Медетов, түз эфирде конок болуп кетишти.

Бул жерден толугу менен радио-берүүнү уксаңыздар болот.

      ZHash-Tilek-forum_12-09-2017

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова