«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас: Көчөлөр жарыктанды

21 Август 2017 жыл 8:32
Көрүүлөрдүн саны: 25
      Novosti_ZHaryktandyruu_18-08-2017

Талас шаарына коммуналдык кызматкөрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы 2017 жылдын 17 май айынан баштап Талас шаарына караштуу баардык таштандыларга көзөмөлдөөнү баштаган.

Ущул эле жылдын август айында бул ишкана Талас шаарынын Нуржанов жана Огонбай көчөлөрүндө жарыктандыруу долбоорун ишке ашырып жатышат. Бул долбоордун башкы демөөрчүсү “Бакубат Талас” ишканасы.

Темир тосмолор

Эркин Мамбетович Талас шаарына комуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын башчысы

“Жарыктандыруу долбоорунун алкагында 35 столба коюлуп, азыркы этапта бул долбоор толугу менен 1000000 сомго бааланды. Жана ошондой эле Сарыгулов көчөсүндө темир тосмолор курулуп жатат. Бул тосмолор жолдун эки жагынан тең коюлат, бир жагынан тосмолор жарыктандыруу менен орнотулат”

Мындай темир тосмолор, борбордук базар тегерегиндеги тратуарлардын да жанында курулат.

Жарыктандыруу

Талас шаарынын өнүктүрүү фондунун башчысы Абданбек уулу Белектин айтымында, Талас шаарын өнүгүсүүнө бул жылдын эсебинен бир нече долбоорлор колдо көргөн

“Ошондой эле Талас шаарынын аллеясына жарык орнотулган,шаарыбыздын мэрия менен биргелекте бул долбоорду ишке ашырып жатабыз”

Мындан тышкары фонд тарабынан бир нече кичи долборлор ишке ашып, Талас шаарыбыздын орто мектептерине окуу жылынын башталышына карата ремонттук иштерине да жардам көрсөтүлдү.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова