Бугүн, 9 август күнү Талас облусунун чыгаан дастанчылары, манасчылары, комузчулары, жаш таланттары ошондой эле кол өнөрчүлүк менен кызыккан адамдар Баткен облусуна 3 күндүк иш сапарына жөнөштү.
Баткендеги Талас маданият күндөрү 2 бөлүмдөн турат. Биринчи күнү Баткен шаарынын маданият үйүндө ачылыш аземи болуп, концерттик программа көрсөтүлөт. Андан соң 2 күнү Исфана шаарында жармарке уланат. Маданият күндөрүн өткөрүүдө, Таластан 76 адам катышат.
Эскерте кетсек иш-чара “Ымайн,адеп жана маданият” жылына карата өтүп жатат.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова