«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Таласта маданият күндөрү

3 Август 2017 жыл 8:27
Көрүүлөрдүн саны: 64

«Ыйман, адеп   жана  маданият» жылына карата, 2-3 август 2017 жылы Талас облусунда «Баткен облусунун маданият күндөрү” өткөрүлүп жатат. Иш чара 2 август саат 15:00 башталып,  Талас шаарынын Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектебинде салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Маданият күндөрүн өткөрүүгө Баткен облусунан 80 адам катышып, алардын арасында – чеберчилер, ырчылар, кол өнөрчулөр жана Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү катышышты. Бул демилге Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат, туризм Министирлиги тарабынан көтөрүлгөн.  Биринчиден болуп аталган  иш- чара Талас облусунда өтүп башталды

Жаркыналиева Азият Шаболотовна

“Биринчиден болуп, график негизинде Баткен облусунун Таластагы маданий күндөрү бизде өтүп жатат. Иш чаралардын катарына манас айтуу, дастан айтуу, спектакль көрсөтүу камтылган.  Жана 3 август күнү Чынгыз Атматовтун туулаган жери  Шекер айылына барып, музей менен таныштырмакчыбыз”, — деди Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Азият Шаболотовна.

Рахманова Акын, Баткен облусунун Кызыл-кыя шаарынан,  көп жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет.

“Апаларыбыздан калган өнөрду жайылтуу максатында келгенбиз. Өзүм 1983 жылдан бери чеберчилике  кызыгам. Сайма саям, баш кийимдерди тигем, килем токуйм. Бул билгенимди бизден кийинки муундарга дагы өткөрүп берейин дегем максатым бар”

Иш-чара алкагында Талас облусунун маданият кызматкерлери, Баткен облусуна конок болуп келишет.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова