«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Өздүк гигиенаны сактайлы

2 Август 2017 жыл 7:35
Көрүүлөрдүн саны: 32

Эхинококкоз оорусу жугуштуу мителик дарт. Анын учурда күчөп, өзгөчө жаштар арасында көп кездешип жатышы дарыгерлерди тынчсыздандырып жатат. Хирургдар эхинококк ыйлаакчаларын башта боордон, өпкөдөн эле табышса, азыр мээден, жүлүндөн, жүрөктөн жана бир эле учурда бир нече органдарынан табышып отурат.

      Ehinokkokoz_Intervyu-vracha_7-08-2017

Талас шаарынын үй бүлөөлүк даарыгерлер борборунун башчысынын орун басары Кыял Эсеновна  бул оору жөнүндө кеңири маалымат берип, жүрөк өйүгөн ойлорун бөлүштү. Дарыгердин маалыматына таянсак, оорунун катталышы жылдан жылга көбөйүдө.

“Бугүнкү күндө көбүнчө бардар арасында кездешип жатат, себеби өздүк гигиенаны сакташпайт жана үй жаныбарлар менен тыгыз байланышта”

Эхинококкоз оорусу 2-3 мм болгон тасма курттарды алып жүрүүчү ит, мышык жана жапайы жаныбарлар (карышкыр, түлкү, чөө жана башкалар) алардын ичинде тасма курттар 14 күндүн ичинде жетилип, өзүнүн жумурткасын сыртка бөлүп чыгарууга жөндөмдүү болушат. Бөлүнүп чыккан жумуркалар айына 10 күн аралыкта жана ысык мезгилде 4 айга чейин, жерде, топуракта, чөптүн үстүндө жашоого мүмкүнчүлүгү бар. Айлана чөйрөдөгү эхинококкоздун жумурткасын айыл чарба малдары чөп, суу аркылуу жугузуп алат.
Адам өздүк гигенасын сактабагандыктан дарыланбаган ит, мышык менен байланышта болгон мезгилде жугузуп алат. Жугузуп алган адамды дарылоо операция жолу менен гана жүргүзүлөт.

Ошондуктан эхинококкоз оорусун алдын алуу, андан сактануу жолдору болуп, ар бир атуул өзүнүн үйүндөгү ит, мышыгын ветеринарларга кайрылып, эхинококкоз оорусуна дарылатуу болуп саналат. Адам өздүк гигенаны сактоодо колду жакшылап жууп, балдардын ит, мышыктар менен ойноодо алардын дарыланган же дарыланбагандыгы жөнүндө маалыматты билип, жергиликтүү ветеринардык врачтарга кайрылып туруусу абзел. Айыл чарба малдары союлган мезгилде боор, өпкө эхинококкоз менен жабырланса аларды ветеринардык санитардык эреженин негизинде итке бербестен өрттөп, чуңкурга көмүп салуу керек. Себеби; ит малдын эхинококктун личинкасын (ыйлакчасы) менен жараланган боор, өпкө жеп, ылаңды өзүнө жугузушат жана иттин организминде эхинококоз куртун жетилтип жумуртка чача турган стадиясы өтөт, ошондуктан ит, мышык, жапайы жаныбарлар оору таркатуучу болуп эсептелет. Алар өздөрү эч качан эхинококкоз ылаңы менен оорушпайт.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова