«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Витаминдерге бай — дарбыз.

14 Июль 2017 жыл 13:02
Көрүүлөрдүн саны: 107

Жай мезгилинде мөмө жана жер-жемиштен өткөн пайдалуу азык жок экени талашсыз. Алар организмге керектүү витаминдерге бай. Алардын ичинен витаминдерге өтө бай бул дарбыз.  Бул жемиштердин сезону июль айынын экинчи жарымында башталаарына карабастан, дарбыз менен коон базарларда катуу сатыла баштады.

 

      Vitaminderge-baj-darbyz

ДАРБЫЗДЫН ХИМИЯЛЫК КУРАМЫ

Дарбыздын 90 пайызы суудан турат. Анда жеңил сиңе турган фруктоза, глюкоза жана сахароза 13 пайызга чейин жетет. Андыктан кант диабетинен жабыркагандар да жей берсе болот. Бирок аз көлөмдө гана жегенге уруксат. Мындан сырткары В1, В2, С, РР витаминдерине, темир, магний, кальций, натрий, фосфор жана кислоталарга да бай. 100 грамм дарбыздын азыгында болгону 38 килокалорий бар. Учурда дарбыздар көбүнчө дары менен өстүрүлүп калгандыгына байланыштуу, аны 2 жашка чейинки балдарга берүүгө болбойт.

ДАРЫ МЕНЕН ӨСТҮРҮЛГӨН ДАРБЫЗДЫ АЙЫРМАЛОО

Мындай дарбыздын жемиши билинер-билинбес сыя жана жылтырап турат. Ал эми жакшы дарбыздын эти бүртүкчөлөнүп турат. Ошондой эле сыртындагы ак түс саргыч келет. Дарбызды кичине кесип алып, айнек идиштеги сууга салып көрүңүз, эгер дарбыз жакшы болсо, суу жөн эле булганат, зыяндуу болсо, суу кызыл же кызгылтым түскө боёлот.

Таалайбек Өскөнбаев

Дарбыздын ичиндеги химиялык курамын Талас райондук ооруларды алдын алуу жана  санэпидемстанция борбору көзөмөлдөйт. Таалайбек Осконбаевдин айтымында, баардык жер-жемиштерде химиялык  элементтер сөзсүз түрдө болот. Мөмө-жемиштин ичинде химиялык заттардын болушу бул норма.

 

 ЖОЛДО САТЫЛГАНДАРЫ ЗЫЯНДУУ

Жол жээктеринде сатылып жаткан дарбыздарды алуудан качыш керек. Анткени дарбыз автоунаалардан чыккан уулуу заттарды өзүнө бат сиңирет. Андыктан адистер дарбызды тандоодо жабык турган жайлардан сатып алууну сунуштайт. Аларды жерге төгүп салбастан, атайын товар коё турган орундарга коюп сатыш керек. Жерге ыргытылып коюлган дарбыздардын билинбеген жаракалары аркылуу чаң менен зыяндуу микроорганизмдер кирип кетиши мүмкүн.

ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ

Дарбыздын курамында суу коп болгондуктан адамдын саламаттыгына пайдалуу жактары да арбын. Ширеси бөйрөктөгү таштарды эритип, өттөгү уулуу заттарды, денедеги шлактарды айдап чыгат. Бул үчүн 4-5 күн ач карын 2 килограммдан жеш керек. Заң чыгарууну жакшыртат. Денеси шишип, цистит, унутчаактык ооруларына, жүрөк-кан тамырларга , бөйрөгү начар иштеп жаткандарга дагы дарбыздын бөлүп чыгаруу органдарын иштетүүдө  чон пайдасы бар. Жоон ичегинин сезгенүүсүндө жардамы чоң. Ошондой эле аны арыктоодогу мыкты азык  дешет.

 

Адистердин айтымында базардан сатып алган дарбызды уйго алып барып  сыртын таза жууп, 1-2 саат сууга салып кою керек. Себеби, ысык жерде турганда дарбыздын курамындагы жер семирткичтердин уулуу заттары көбөйүп кетет, ал эми сууга салганда суу менен кошо чыгат.

Ал эми дарбыз 50-60 кундун ичинде бышат. Ага карабастан  химиялык жер семирткичтерди колдонуп, сатыкка чыгарган айрым сатуучуларыбыз дагы аз эмес.

-Гүлзат айым

Жайдын аптаптуу ысык кундорундо кирешелуу бизнеске айланган дарбыз бизнеси менен алек болгон Гулзат айымдын айтымында, дарбыздарды туштук тараптан өзүбүз барып дыйканчылар менен тандап, көзөмөлдөн өткөрүп сатыкка чыгарабыз деп билдирди.

 

Дилара айым

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын тургуну Дилара айымдын айтуусунда:

«Алгач сатыкка чыккан дарбыздардан тамагыбыз ооруп коркунуч жаратты эле, азыр кудайга шүгүр дарбыздар жакшы чыга баштады.Быйыл дарбыздын баасы канаттандырат»-деп өз оюн билдирди.

Адистер эскертет: эрте бышкан дарбыз менен коон нитраттарга толгон, андыктан абайлаңыздар!

Өзгөчө алар жаш балдарга кооптуу. Өзгөчө жол жээгинде сатылган дарбыз-коондордон этият болуңуздар. Алар өзүнө зыяндуу заттарды сиңирип алганга маш. Көп учурда кардарлар дарбыздын бышканын текшерип көрүү үчүн, ичин кесип берүүнү суранышат. Эч качан андай кылбаңыз! Кесилген дарбызда бактерия өтө тез тарайт. Жугуштуу ооруларды, ал гана эмес  А гепатитине кабылуу коркунучу бар. Дарбызды үйгө алып келгенден кийин, жакшылап жууп жеңиз. Кесилген дарбызды муздаткычка 12 сааттан ашык кармоого болбойт.

Ошондуктан дарбызды жээрдин астында, баардык эрежелерди сактаныздар!

 

Даярдаган:    Саадат Нуржан кызы.

Жайкы сынак учун.