«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Уюлдук телефонду өз убактысында колдонууга чакырабыз.

10 Июль 2017 жыл 13:57
Көрүүлөрдүн саны: 225

Бүгүнкү күндө уюлдук телефонсуз жашообузду элестетүү кыйын. Муну заманбап адам тана албастыгы анык. Уюлдук телефон башында байланыш үчүн гана колдонулса, кийинчерээк анын жазуу китепчеси, сааты жана ойготуучу коңгуроосу пайда болду.

      Uyulduk-telefon-atajyn-chygarylysh-

Алардын артынан радио, фотоаппарат, интернет жана электрондук почта кошулду. Аны менен катар уюлдук телефондун жардамы менен көңүл ачууга, жакындарды куттуктоого, маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Уюлдук телефондун жаралышы 1973-жылга таандык. Ошондо америкалык “Моторола” компаниясы азыркы уюлдук телефондордун түпкү атасы болгон Motorola Dyna TAC телефонун иштеп чыгарган. Ал эми Кыргызстанда уюлдук телефон 1994-жылы 12-июлда биринчи жолу шыңгыраган. Ошол күндөн тарта республикабызда уюлдук байланыштын доору башталган. Өлкөбүздө уюлдук байланыштын алгачкы оператору КАТЕЛ (Кыргыз–Америка телефону) болгон.Азыркы тапка кандай жаны улгудогу уюлдук телефондор чыкты жана аларды кантип туура тандоо керек бул жөнүндө уюлдук телефон саткан дүкөндүн ээси Эрлан Калыгуловичтен суроолорубузга жооп алдык.

Эрлан Калыгуловичтин айтымында уюлдук телефондор Дубайдан алынып келинет,10 жылдан бери бул өлкө менен кызматтышып келебиз деп билдирди.

Азыр жаңы баскан баладан тартып, улгайган кемпир-чалга чейин уюлдук телефон менен сүйлөшөт. Чынында зарыл жумуштарды дароо бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө көпчүлүгүбүз сүйүнүп, чөнтөк телефондун ден соолукка тийгизген зыяндарына кол шилтеп, көз жумуп келебиз.

Өзгөчө бала-бакчадагы балдардан тарта азыр уюлдук телефонду колдоонууну өздөртүрүшкөн,ал эми шаарыбыздын тургандары күнүнө уюлдук телефонго канча убакыт бөлүшөт жана балдарынын колдонуусуна көзөмөл жүргүзөбү деген суроолорубузга жооп издедик.

Дүйнө жүзүндө болжол менен 3,3 млрд телефон бар. Бул орто эсеп менен караганда 100 адамга 158 телефон туура келет. Бир жылда эле 130 млн телефон таштандыга ыргытылат экен.

Себеби, адам баласы улам жаңы чыккан телефонго кызыгып, эскисин ыргытышат тура. Уюлдук телефонду өтө көп колдонгон мамлекет Корея болуп эсептелинет. Кореядагы статистикага таянсак өспүрүм бала бир жылда 21000 СМС жөнөтөт экен.

Кээ бир сапаты төмөн мобилдик телефондор электр энергиясына сайылып, батареясын толтуруп жатканда сүйлөшүүгө тыюу салынат. Себеби, ошондой учурда телефон жарылып кеткен фактылар бар. Бирок телефонду сатып алган көпчүлүк адам анын ден соолугуна кандай залака келтирери тууралуу уккусу деле келбейт экен…

Интернет булактарынан алынган сүрөт.

Уюлдук телефон адам үчүн эң маанилүү буюмга айланып, баарыбызды көз каранды кылып алганы талашсыз. Азыркы заманда ар бир адамдын чөнтөгүнөн табылган бул буюмду өз убактысында колдонууга чакырабыз.

Даярдаган: Айнуру  Керимбаева

Нежла  Амангелди кызы

Рахат Камчыбекова Радиомост,Талас.