«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Ардагер мугалим Исраил Төлөгожоев

31 Май 2017 жыл 14:51
Көрүүлөрдүн саны: 70

Исраил Төлөгожоев 44- жылдан бери Эшманбет Кендирбаев  атындагы орто мектебинде физика  сабагынан балдарга билим берип келет.

«44-жылдан бери мугалимдик кыламын.Адамды түшүнү билүү керек. Ким менен иштешсең ошолорго өзүңө жасаган мамилени кошо жасай билсең, ошондо гана өз ара түшүнүсү болуп турса мына мугалимдик кесип ошону менен ардактуу.12-жыл иштегенден кийин бир фронталдык текшерүү болду минирстверствадан, мына ошол текшерүүнү  мага кандайдыр жакшы ийгиликтерди жаратты. Ошондон кийин мен «Эл агартуу отличник» көрсөтүлдүм, «Мыкты мугалим»  деп  ардак тактыга, районого райком партиянын эшигинин алдындагы чоң доско пачотко сүрөтүмдү илишип бардык тараптан  сабактарга катышты, физик мугалимдер райондон бары катышты кыскасы бардык тараптан кандайдыр бир мактоо жарашып калды окшойт ийгиликке жетиштик. Дагы 1985-жылы күзүндө мугалимдер күнүнө карата «Эл агартуунун отличниги» деген наамды мага ыйгарышты».                                                                              

7- классынын окуучусу Нурбекова  Нуриза агай фикика сабагынан гана эмес башка сабактарды да жакшы өздөштүрүп берет деген оюн билдирди:

«Мен Барскоон айылына караштуу Э.Кендирбаев атындагы  орто мектептин жетинчи классынын окуучусумун. Агайдын жакшы сапаттары бул деген өзү билген нерсени өзүн ичинде кантып калбастан башка  окуучуларга дагы өзүнүн билимин берип билбеген нерсени билтиртип турган сапаты жагат. Агайдын сабак бергенде өзгөчүлүгү бул деген агай бир гана физика менен чектелип калбастан башка сабактардан дагы  өзүнүн билимин берип кетет. Өзү негизи физик агайдын көп сапаттарын биз абдан жакшы  балайбыз. Агай сабакты абдан кызыктуу өтөт. Биз агайга чоң рахмат айтабыз себебинде быйыл физика кошулуп  ушул физика кандай эмне себептен эмне болуп келген  бардык ушул билген жана билбеген нерселерибизди алда канча тереңдеп билип жатабыз».

Жеке эле кесиптеш эмес кошуна катарында жакшы агам макточу жерлери көп санжыра жана айткан сөзүн түп тамырына чейин жеткирет деп кесиптеши Кенжегул Сыдыков билдирди:

« Исраил агай менен жеке эле кесиптеш катары эмес кошуна катары дагы өмүр боюу жашап келе жатабыз. Жакшы агайыбыз бар. Киши билбеген таланттары жөнүндө айта кетсем маңызын чыгарып жакшы айтып берет. Санжыраны жакшы билет деп айта кетсем болот. Коллективдерде Ырысбай Абдыкадыровтун ырын созолонтуп жакшы ырдап берет. Кайда ырдабасын жалаң Ырысбайдын ырларын ырдайт да эмнегедир. Жумушту да жакшы жасайт майдалап, бирок майын чыгара жасайт. Ошол жакшы таланттарын билем».

Исраил Төлөгожоев жаш кезинде инженер болууну кыялданчу. Бир нерселерди оңдоп, жасаганга шыктуу болгон .Бирок мугалим болгонуна учурда өкүнбөйм. Себеби мугалим көп тармактуу билимдүү адам.

Даярдаган : Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев  атындагы орто мектебинин окуучулары Алтынбек Эминказиев, Нуртегин Кусейинов.