Бүгүн, «Альянс Алтын» компаниясы Кыргыз Республикасынын Экологияны сактоо мыйзамдарынын негизинде экологиялык фирмалар менен иш алып барып ,сейрек кездешүүчү,кызыл китепке кирген жоогазын гүлдөрүн көчүрүүдө.
Островский жоогазыны -көп жылдык пияз түптүү чөп өсүмдүк. Пияз түбү жумуртка сымал, диаметри 1,5- 3 см ге жетет.Өсүмдүктүн сабагы ичке, жылмакай келип, бийиктиги 20-30 см. Жалбырактары 2-3төн, жерде төшөлгөн, көгүлтүр , сызгыч-ланцеттей формада.
Апрель-май айларында гүлдөп, май-июнда мөмөлөйт.
Жунушов Жанболот мырзанын айтымында жоогазындарды калдык сактоочу жайга көчүрүүдө. Жоогазындын тамыры терең болгондуктан кылдаттык менен иштөөсү абзелин айтты.
Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жаныкулов Данияр : «Курулуш журө турган аймактан курулуш жүрбөй турган аймактарга бул жоогазындарды көчүрүп жатабыз.»
Улуттук илимдер академиясынын биология институту менен келишим түзүлүп атайын адистер келип кандай туура отургузу керек ,кайсыл жерге отургузу керек экенин көзөмөлдөп турат.
Талас флора уюмунун жетекчиси Орунбаева Айнура островский жоогазыны тууралу кененирээк маалымат берди.
Даярдаган: Камчыбекова Р.