«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Мектептерде көчүрүү экзамендери өтүп жатат.

30 Май 2017 жыл 14:33
Көрүүлөрдүн саны: 44

25-май акыркы коӊгуроо аяктап көчүүрү экзамендери башталды.Экзамен 26-29 майга чейин өткөрүлөт.Ар бир класс эки сабактан экзамен беришет.

      kochuruu-ekzameni

Көчүрүү экзамендеринин жүрүшү боюнча  Нарын райондук Билим берүү бөлүмүнүн адиси Маралбаев Искендер Калысбековичтин сөзү төмөндөгүдөй:

«Көчүрүү экзамендери талапка ылайык,буйруктардын негизинде өтүп жатыптыр.Ар бирөөнө кирип катышып  чыктык,бардык сабактар боюнча өздөрүнүн  расписаниеси менен өтүп жатыптыр.Бардыгы жакшы.»

               

10-класстын окуучусу Амангелди кызы Гулипа экзаменге  жакшы даяардыкта келгенин айтты:

«Мен бугун биология  сабагынан экзамен бергени жатам,бардыгы 25 билет, 75 суроого даярдык көрдүм , буюурса жакшы берем деп ойлойм.Мен классташтарыма жана башка окуучуларга ийгилик каалайм, экзамендерин жакшы тапшырып чыгышсын.»

Койчубеков Сыймык бүгүн физика сабагынан экзамен берет:

«Мен бүгүнкү экзаменге жакшы даяардыкта келдим.Физика сабагынан бизге  жалпы 20 билет  берилип  бардыгын толук жаздым.Азыр окуучулар кирди бир аздан кийин мен дагы кирем.Бардык окуучуларга ийгилик.»

Рысбек кызы Мырзайым 7-классынын окуучусу экзамен жакшы деӊгээлде өтүп жатат дейт:

«Биз бүгүн алгебра сабагынан экзамен берип жатабыз.Азыр бирден экиден окуучу кирип жатат.Даярдык жакшы,баардык классташтарыма экзаменден жакшы баа алып чыгышын каалайм .»

Бардык  окуучулар көчүрүү экзамендерин жакшы тапшырып,жакшы баа алып чыгышын кааламакчыбыз.

  Даярдагандар: Жерге-тал айылындагы А.Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучулары Мээрим Жумабекова,Элиза Темирбекова.