«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“Өрнөк” билим берүү борбору ийгиликтүү иштеп келет.

29 Май 2017 жыл 11:10
Көрүүлөрдүн саны: 104

Жерге-Тал айылында Нарын райондук “Өрнөк” билим берүү борбору ар түрдүү тармактагы ийримдер боюнча окуучуларга билим берип келет.

      rn-k-bilim-borboru-Mixdown-1

Биринчи жолу бул борбор 2012-жылы Сары-Ой айылында ачылып, кийин Жерге- Тал айылына 2014-жылы которулган. Азыркы учурда 8 ийрим бар. Алардын ичинде балдардын жана кыздардын кол өнөрчүлүгү комузчулар, сүрөт искусствосу сыяктуу тармактар боюнча иштейт.

Нарын райондук “Өрнөк” билим берүү борборунун директору Кырчобаев Болот Сыдыгалиевичтин айтымында, борбор иштегенден бери көптөгөн ийгиликтерге жетишип келишет.

“Ийримдерге окуучулардын жөндөмүнө жараша келип катышышат. Бизде билим берүү менен эле чектелип калбастан, ар кандай райондук конкурс сынактарга катышышат. Мисалы райондук кароо сынакта комузчулук өнөрү боюнча “Атай” комузчулар ансамбли биринчиликти багындырды.”

 

Сыдыкова Динара Алыбековна учурда борбордун “Түйүм башат” ийриминин жетекчиси. Бул ийримде ал кыздарга түймө түйүү, сайма саюу жана кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн үйрөтөт. “Түйүм Башат” ийрими тууралуу жетекчиси төмөндөгүлөргө токтолду:

“Келечекте көптөгөн ой максаттарыбыз бар,жакынкы арада жаш талант кароо сынагына катышып келдик, эки окуучу барып активдүү катышып келишти бул ийримде отуздан ашык окуучулар тарбияланып келет. ”

 

7-класстын окуучусу Турар Кубанычбеков ийримден пайдалуу нерселерди үйрөнгөнүн жана келечектеги пландары тууралуу айтып берди:

“Мен булгары ийримине катышам, бул ийримге досторум айтканда келгем. Мен бул ийримден камчы, браслет, кур, сумка жана башкаларды үйрөнуп жатам. Жакын  арада эле жаш талант кароо сынагына барып экинчи орунду камсыз кылып келдим. Келечекте агай менен чакан бизнес ачалы деп жатканбыз булгары өнөрүнөн камчы,  браслет, сумка жана башкаларды жазап сатып өзүбүзгө каражат таап алалы деген жакшы ниетибиз бар, өзүм да үйрөнүп алам, агайыма чоң рахматымды айтмакчымын.”

Даярдаган: Жерге-Тал айылындагы А.Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучулары Урмат Мамбеталиев,Бекназар Кенжебек уулу,Сыймык Мырзабеков.