«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Биринчи орунга ээ болгон спортсмендер

29 Май 2017 жыл 11:55
Көрүүлөрдүн саны: 143

      Novosti_28-05-2017

2017 жылдын 24-25 май айында Бишкек шаарында  генерал-майор Субанов Темиркан Усуркановичтин  урматына арналган  Кыргыз Ресбуликасынын ИИМ тарабынан кыргыз күрөш боюнча чемпионат өткөрүлдү. Бул чемпионатка республика боюнча 12 команда ат салышты.  Мелдеш 7 салмактык категория боюнча өттү. Талас облусунан 7 балбан катышып, командалык мелдеште биринчи орунга ээ болуп, ийгилике жетишти.

Талас ички иштер башкармалыгынын атынан 7 кызматкер катышып келишти. Мелдеш биз үчүн өтө жемиштүү болду. Себеби 7 балбаныбыздын арасынан алты катышуучусу байгелүү орунга ээ болуп келишти. Республикалык командалардын арасынан биринчи оорунга ээ болдук. Алардын ичинен милициянын майору Ботбаев А. (алтын медал) ,милицианын ага-лейтенанты  Манапбаев У. (алтын медал), Сыдыгалиев М. (алтын медал)«, деп кошумачалады Талас ИИБнын башчысы милициянын полковниги Касымбаев И.Т.

Акыркы жылдарда бул чемпионат Талас облусунда өтуп келүүдө. Төрт жыл катары Таластын курама командасы биринчи орунду ээлеп келет. Бул туралуу милицианын майору Ботбаев А. кенениреек айтып кетти

“Бул ирет экинчи курама командасы барды, балдар жакшы күрөшүп биринчи орунду алдык.Намысты коргоп, утуп келдик”

Чемпионаттын жабылыш аземине Субанова Динара Амановна жана Субанова Веста Темиркановна катышып, байгелерди тапшырышты.

Даярдаган: Кубанычбекова А.