«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Асанбек Табалдиев мектебинде акыркы коңгуроо кагылды.

29 Май 2017 жыл 12:48
Көрүүлөрдүн саны: 70

Асанбек Табалдиев орто мектебинде 25-май акыркы коӊгуроого карата иш чара  өткөрүлдү.Мектепти  11-классынан  40 окуучу,  9-классынан  48 окуучу  бүтүрдү.

      akyrky-konguroo

Бүтүрүү  кечеси  боюнча  11-классынын  класс  жетекчиси  Турдалиева  Айзат  эжейдин  сөзү  төмөндөгүдөй:

«Быйылкы  жылы  11-классынан  40  окуучу  бүтүргөнү  жатат.Мен  бүтүрүүчүлөргө  ак  жол , сынактардан  ийгиликтүү  өтүп  өзүлөрү  каалаган  окуу  жайга  өтүшүн  каалайм.»

11- классынын  окуучусу  Орозбекова  Мээримдин  айтымында  акыркы  коӊгуроо  жакшы  деӊгээлде  өттү:

«Мен  классташтарыма  мындан  аркы  иштерине  ийгилик  өзүлөрү  каалаган  кесипке  ээ  болушун  каалайм.Мен  келечекте  Кыргыз  Улуттук  Университетте  окугум  келет.»

 Бүтүрүүчү  Максатбек  кызы  Перизат  келечекте  башталгыч  класска мугалим  болгусу  келет:

«Бүтүрүү  кечеси  жакшы  болду.Мен  үчүн  бул  жыл  ийгиликтүү  жылдардан  болуп,көптөгөн  жетишкендиктерге ээ болдум. Быйыл  физика  сабагы  боюнча  республикалык  олимпиадага  чыгып  катышып келдим.

Мектеп  жетекчилиги  мага  планшет  белекке  беришти.Мен  башталгыч  класска  мугалим  болуп,окуучуларга  татыктуу  билим  бергим  келет. Быйылкы 2016-2017-жылдын  бүтүрүүчүлөрүнө  ак  жол,иштерине  ийгилик.»

 

Бүтүрүүчүлөр   ЖРТдан   жакшы   балл  алып, өзүлөрү  каалаган  кесипке өтүшүнө  тилектешпиз.

Даярдаган: Жерге-Тал айылындагы  А.Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучусу  Мээрим  Жумабекова.