Эң биринчи жол чырак 1868-жылы 10-декабрда Лондондо Англия парламентинин имаратынын жанына орнотулган. Жол чыракты ойлоп тапкан Ж. Найт аттуу окумуштуу темир жол семофору (темир жолдогу жол чырак) боюнча адис болгон. Алгачкы светофорду кол менен иштетишкен жана анын эки семофордук канаты бар эле. Бир канатынын жогору көтөрүлүшү “токто!” деген белги болсо, ылдый түшкөн түрү “этияттык менен кыймылга кел!” дегенди түшүндүргөн.
Ош облусунун Учкун айылында жалгыз жол чырагы иштеп келет. Мектеп радиосунун волонтерлору бул туралуу сюжет даярдашкан.
Учкун орто мектеби,Ош облусу