«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Жерге-Тал айылында кирпич ишканасы ачылды.

19 Май 2017 жыл 13:08
Көрүүлөрдүн саны: 191

Жерге-Тал айылында кирпич ишканасы  ачылып, айыл тургундарынын ар кандай курулуш үчүн кирпич  менен камсыз болууда.

      Kirpich-ish-kanasy-elge-kyzmat-kyluuda.

Негизинен кирпичтин курамы топурактан турат жана баасы төрт сомдон. Мурда айыл тургундары кирпичти башка шаардан алып келишчү же ар  кайсы жерди казып, топурактан өздөрү жазашчу. Бул ишкананы ачуу максаты тууралуу Турсуналиев Рысбек Токонович айтып берди:

“ Кирпич станогун айыл тургундарына керек деп өзүм ойлоп чыктым, элдер кирпич станогун жакшы кабыл алышты , экологияга түздөн түз таасирин тийгизүүдө. Элдер ар кайсы жерди казып топурак алып жазашчу, биздин максатыбыз бир жерден топурак алып иштетүү максаты бар. Элдерге пайдасы тийүүдө үйлөрдү жана ар кандай курулуш иштерине колдонуп жатышат. Азыр бул ишканада иш оорундары түзүлө элек өзүбүз эле иштеп жатабыз, келечекте иш оорундары менен элдерди камсыз кылуу ойлорубуз бар.Кирпичтин баасы төрт сомдон . Келечекте бул ишкананы мындан дагы кеңейтип ,колдон келсе кирпичти бышырып сатуу ойлорубуз бар.”

Бул ишкананын кардары элге пайдасы тийип жаткандыгын Абилов Тынымсейит билдирди:

“Кирпичтин сапаты жакшы, элге чон пайдасын тийгизүүдө. Кирпичтин баасы да канаттандыраарлык арзан жана ынгайлуу баада. Кирпич менен биз намазкана, мечит курдук сапаты абдан жакшы. Ушул ишкананы негиздеген Турсуналиев Рысбекке ыраазычылыгыбызды билдиребиз”.

Кирпич ишканасынын жетекчисинин айтымында келечекте бышкан кирпичтер сатыкка чыгат.

Даярдагандар: Эшманбет Кендирбаев мектебинин окуучулары Мээрим Жумабекова,  Перизат Бердибекова,Нестан Айбекова, Гүлзада Кубанычбекова.