«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

«Сот тутумунун ачык айкындыгы» аталышында тегерек үстөл өттү.

11 Май 2017 жыл 13:10
Көрүүлөрдүн саны: 64

28-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда «Сот тутумунун ачык айкындыгы» аталышында тегерек үстөл болуп өттү. Иш-чарада коомдун сот тутумуна ишеним көрсөтпөгөндүгүнүн себептери талкууланды.

Тегерек үстөлгө өлкөнүн бардык аймактарынан жергиликтүү журналисттер чакырылып,журналисттерге Жогорку соттун тарыхынан тартып имаратка экскурсия аркылуу сот системасы тааныштырылды.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева журналисттер менен жолугуп, сот реформасы, сот тутумунун ачыктыгынын жетишкендиги тууралуу маалымат берди.

Тегерек үстөлдө Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева сот тутумунун ачык-айкындыгы, сот реформасынын жүрүшү боюнча бет ачаар жасады. Ал эми IDLO программасынын кызматкери Нурлан Дүйшеев “Сот тутумунун ачыктыгынын жетишкендиги – сот актыларына жетүү механизмин кеңейтүү” темасындагы баяндамада www.sot.kg сайтынын аткара турган функциясы тууралуу кеңири түшүндүрдү.

Жогорку соттун 92 жылдык тарыхында биринчи жолу төмөнкүдөй тегерек үстөл болуп өтту.

Мындай иш-чаралар мындан ары журналисттер менен соттордун ортосундагы кызматташууну бекемдеп, маалымат алууга шарт түзулуп,сот реформаларын, процесстерди туура чагылдырууга көмөк көрсөтту деген ой пикирлерин тегерек үстөлдүн катышуучулары билдирди.

 

Даярдаган: Камчыбекова Р.