«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Таласта «Жылдын мыкты мугалими – 2017» облустук кароо сынак өттү

5 Май 2017 жыл 16:44
Көрүүлөрдүн саны: 87

4-май күнү «Жылдын мыкты мугалими – 2017» облустук сынактын экинчи туру өткөрүлүп  жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

      ZHyldyn-mykty-mugalimi

Облустук сынак 3 номинация менен өткөрүлдү: Өздөрүн тааныштыруу,педагогикалык кырдаалдан чыгуу жана педагогикалык суроолорго жооп берүү.Белгилей кетсек, буга чейин сынактын райондук этаптабы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр облустук сынактан ат салышууда.Облустук сынактан жеңген жеңүүчү республикалык сынакка катышууга жолдомо алат.

«Жылдын мыкты мугалими – 2017» номинациясынын жеңүүчүсү болуп Манас лицей интернатынын кыргыз тили жана адабият мугалими Абдыразакова Рахат ээледи.

Талас билим берүү усулдук борборунун мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курсунун жетекчиси Козубаева Айына Бешеновнанын   айтымында ар бир мугалим ушуга чейин иштеген эмгек жолун көргөзүп беришти жана берилген суроолорго жооп беришине карап мыктынын мыктысын чыгардык деген ойдомун деп билдирди.

 

Кара-Буура районунун Бакайыр айылындагы М.Чалданбаев атындагы орто мектебинин география мугалими Калдаралиева Эльнура Маратовна  «Жылдын мыкты мугалими 2017» кароо сынагынын үчүнчү орундун ээси ,бул наамга жетүүнүн себеби талыкпай эмгектенүү балдарга чын жүрөктөн билим берсең ийгиликтерге жетүүгө мүмкүн деп  билдирди.

 

 

 

Даярдаган: Камчыбекова Р

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эскерте кетсек, аталган сынак мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдарда педагогикалык жамааттарда чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди билим берүүнү өнүктүрүүдө баалуу салым кошкондугу, ошону менен бирге алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылткан мугалимдерди аныктап, сыйлоо максатында 2009 жылдан бери өткөрүлүп келет.