«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас шаарынын борбордук мечитинде кайрымдуулук иш чара өткөрүлдү.

3 Май 2017 жыл 17:45
Көрүүлөрдүн саны: 67

Чынында, азыркы алдым-жуттумдук күчөгөн, алдуусу алсызын баса калган же эптеп бир капталын жапсаң, экинчи жагы ачылган тартыштык-каатчылык каптап келе жаткан заманда кайрымдуулугунан жазбай мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, жетим жесирлердин муктаждыгын колдон келишинче  камкордугун көрсөткөн иштерди көрүп туруп, көңүл жылыбай койбойт.

      Kajrymduuluk-

Элден чогулган кийим кече

Бүгүн 3-май Талас шаарындагы борбордук мечитте кайрымдулук иш чара өткөрүлдү.

Катоо

Элдин негизги турмуштук талабын жакшыртуу, көңүл буруу жана калктын жакыр жашаган катмарларын социалдык жактан колдоо, өзгөчө жетим, кароосуз калган балдарга камкордук көрүү — бүгүнкү күндүн орчундуу да, жүрөк эзген көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат.

GE DIGITAL CAMERA

Бүгүн элдер муктаж болгон адамдарга кийим-кече эмерек ж.б. буюмдарды мечитке алып келишип  катоодон өткөн үй-бүлөлөргө таркатууда.

GE DIGITAL CAMERA

Алгач 17 -апрельде элден чогулган буюмдарды кайрымдуулук иш чара уюштуруп  30-40 үй-бүлөгө таратылган эле.Иш чараны мечиттеги эмгек жамаат эл менен бирге  өткөрүүнү туура көрүп эки жуманын ичинде   экинчи ирет бул иш чараны өткөрүп жатышат.

Талас борбордук мечитинин имамы Касым Сыдыков бул иш чара тууралуу кененирээк маалымат берди.

Талас борбордук мечиттин имамы Касым Сыдыков

Иш чаранын атайын туруктуу демөөрчүсү жок  шаарыбыздын тургундары өз калоосу менен алып келүүдө.Келечекте төмөнкүдөй иш чаралады орозо алдында элдерден кийим-кече чогулуп калса дагы  өткөрүү ниетибиз бар.

Кайрымдуулук иш чаранын соңунда жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн ой пикирлерин дагы сурап билдик.

Талас шаарынын тургуну

Даярдаган: Камчыбекова Р.

                     Ботукеев З.