«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас облусунун «Ак тилек» тайпасы “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашта 1-орунга ээ болушту.

2 Май 2017 жыл 14:48
Көрүүлөрдүн саны: 72

“Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында, улуу манасчы С.Орозбаковдун 150 жылдык мааракесине арналган  “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашы 18-23-апрельде республикалык туру өттү.

      Manas-taanuu

 2011-жылдан тарта “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашы отуп келет.Райондук турдан женген тайпалар  республикалык турда ат салышты.

Республикалык таймашка жалпысынан 30 топ чыгып, алардын 10 тобу окутуу орус, өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерден келишкен.

Таймаштын жыйынтыгында Нарын районунун Э.Токсобаев атындагы орто мектебинен келген “Нурбаян” тобу баш байгени багындырып, 1-орунга Кара-Буура районунун Т.Бабанов атындагы орто мектебинен келген “Ак тилек” тобу ээ болду.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев билим таймашынын жеңүүчүлөрүн куттуктоо менен бирге  «Кыргыз энциклопедиясынын» 9 томдугу баштаган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын баалуу китептерин тапшырды.  Жеңүүчүлөр ошондой эле, долбоордун башкы  демөөрчүсү “Саякбай манасчы” Эл аралык фондунун баалуу белектери менен сыйланышты.

Даярдаган: Камчыбекова Р.