«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

«Жерүй» алтын кени ишин баштады

26 Апрель 2017 жыл 11:25
Көрүүлөрдүн саны: 47

25 апрель 2017 жылы «Жерүй» алтын кенинин жол курулуш иштеринин салтанаттуу түрдө ачылуусу өттү. Официалдуу түрдө долбоор 25 апрель  күндөн тарта башталды. Жыйынга Кыргыз Республикасынын  Өнөр жай энергетика жана тоо-кен комитетитнин төрагасынын орун басары Сапаралиев А., Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас облусу боюнча окулчулугунун болум башчысы Турсуналиев Б., “Альянс Алтын” компаниясынын генералдык директору Шугин М., жана жергиликтүү айылдык депутаттар кеңеши катышышты.

Шугин Михаил «Альянс Алтын» компаниясынын гинералдык директорунун  айтуусу боюнча “Көп убакыт долбоордун такталышына бөлүндү. Бул долбоор эл аралык стандарт менен даярдалган  жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кайрадан каралып иштелип жатат. Экинчисинен кыш мезгилинин бүтүшүн күттүк. Бүгүн долбоордун башы башталды”

Эске салып кетсек жолду оңдоп түзөө иштерин, тендер түрүндө  АК “Жолчу” утуп алган.

Даярдаган Кубанычбекова А.