2004-жылдан тарта Талас Мамлекеттик Университети Германияга (АЧБ) айыл чарба бакалавр адистигинин студенттери гана барганга мүмкүнчүлүк алышкан,бирок азыр келишим түзүлүп жаны Getec ,Prax сыяктуу программалары менен иштеп башташты.
Бул программанын өзгөчөлүгү бир гана айыл чарба бакалавр адистигинин студенттери эмес башка адистиктин студенттери барууга дагы мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Эң алгач документтеринин көчүрмөлөрүн Германияга жиберишет, алар өздөрү изилдешип анан студенттердин аты жөнүн,факультетин кайсыл жерге практикасын өтөгүсү келерин сурашат.
Студенттер немец,англис тилдерин үйрөнүшүп онлайн режиминин негизинде алыскы чет өлкөнүн өкүлдөрү менен скайп аркылуу сүйлөшүүгө даярданышат.
Талас Мамлекеттик Университетинин эл аралык байланыштар болумунун башчысы Нуралиева Айгул Темиркуловна программалар тууралуу маалымат берди.
-Студенттер кайсыл программа менен иштеп жатышат?
-Мурун Logo программасы менен иштешип жүргөн учурда Германиядан Кыргызстанга келип студенттер менен сүйлөшүп тандап алышчу.Ал эми азыр техниканын өнүккөнү менен скайп аркылуу баарлашып документтери менен таанышккан соң алар менен онлайн түрүндө сүйлөшүп кызыкчылыгын ,тилди канчалык денгээлде билет ушул жөнүндө сурашат.Азыркы тапта Prax программасы аркылуу документтер жөнөтүлүп учурда студенттер онлайн түрүндө Германиянын өкүлү Irmi Rennemeier менен сүйлөшүп жатышат.
Даярдаган: Камчыбекова Р.