Кандай болгон шартта да мейли балдар үйүндө, же карылар үйүндө болобу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ар убак унутта калбай көңүл борборунда болсо деген тилек ар бирибизде жашайт.
Кумарык айылында жайгашкан Талас жардамчы мектеп-интернатындагы мүмкүнчүлүгү чектелган балдарга чакан концерттик программа уюштурулуп,Талас Мамлекеттик Университетинин Табият таануу жана педагогика факультетинин эмгек жааматы жана студенттери кийим-кече,таттууларды тапшырышты.
Талас облусу боюнча кайрымдуулук ай жарыялангандыгына байланыштуу өз салымыдарын кошкон университеттин деканы Мырзабекова Укен Жаныбердиевна окуу жайдын эмгек жааматы жана студенттер кийим-кечелерди топтошуп,концерттик программа даярдалып ,»Ысык нан»,»Яшар» дүкөндөрүнөн татуулар дагы берилип балдардын көңүлүн көтөргөну аракет жасадык деген ой пикирин билдирди.
Чакан концерттик программадан соң балдар жана тарбиячылар ыразычылыктарын билдиришти.
Ислам дининде ар бир кайрымдуулук Кудайдын ыраазычылыгы үчүн жасалган болсо, мындай жакшылыктын чоң-кичине ажырымы болбойт. Балким, ал багытта кичинекей жакшылык дагы көптөгөн баалуу нерселерден артык болот. Колдон келген жакшылыкты эч кимден, эч нерседен аябашы зарыл.
Даярдаган: Камчыбекова Р.