«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Үналгы сүйүчүлөрдүн күнү

18 Апрель 2017 жыл 11:37
Көрүүлөрдүн саны: 41

799419

      Radiosujuchulor-kunu_18-04-2017

Мындан 110 жыл мурун орус физиги жана электортехник Александр Попов дүйнө коомчулугуна радиону тартуулаган.

Өткөн кылымдын 20-жылдарынан тарта радио дүйнөлүк байланыш кызматында эң негизги маалымат булагы болуп калды. Ал эми Кыргызстанда эң биринчи радио берүү 1931-жылы обого чыккан.

Ошол убакыттан тарта, үналгы сүйүчүлөрдүн катары толо баштады. 18 апрель бүткүл дуйнөлүк үналгы сүйүчүлөрдүн куну болуп майрамдалып келет. Бул күндү 150дөн ашык өлкө белгилейт.

Талас шаарынын тургундарынан сурамжылоо жургузуп, радио биздин жашообузда керекпи деген суроого жооп издедик.

Адылов Нурсултан, окуучуРадио ар бир адамга керек болуш керек, анткени машина айтдап баратып зерикбейсиң анан жаңылыктарды бирдей угасың, музыканы да бирдей угасың. Үн алгы керек, мисалы башка мамлекеттин жаңылыктарын улам телефонду карап окубай, угуп кетебересиң. Жаңылыктардан артка калбайсың.

Эрмек Асанкулович, мугалимРадио мен үчүн абдан керектүү нерсе деп ойлойм. Радиодон көп нерселерди уксак, өзүбүзгө маалымат алсак болот. Мурда Союз убагында радио ар бир үйдө орнотулган болчу. Радио менен элди ойготуп. Радио өзүбүздөгү жаңылыктарды жана дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды укканга жардам берет.

Гүлзат, жеке ишкер – Радио мен үчүн бул маалымат алуучу булак деп эсептелет. Аыркы учурда бизге абдан эле керек, анткени баардык маалыматтарды, жаңылыктарды радиодон алалабыз.

Ал эми 2007 жылы Талас шаарында биринчи жамааттык үналгы тестирлик түрдө 19 июнь күнү эфирге чыккан. Ошол күндөн тарта “Жамааттан жамаатка” деген ураан менен иштеп келе жатат. Эске салып өтсөк азыркы учурда Кыргызстанда 4 жамааттык үналгы жана 23 жамааттык мультимедиа борборлору  иштеп жатат.

Даярдаган Кубанычбекова А., Ботукеев З.