Бүгүн Талас шаарында 2017-жылдагы Республикалык жалпы билим берүү мекемелер арасындагы өткөрүлгөн олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укукту өкүлү сыйлыктарды тапшырды.
Республикалык олимпиадада Талас облусунан жалпы 35 окуучу катышып 14 окуучу алдынкы орундарга ээ болду.
Олимпиадага даярдаган мугалимдердин айтымында талыкпаган эмгекти гана талап кылып эми жыйынтыгын коруп олтурабыз дейт Бакай-Ата айылындагы №1 В.И.Ленин атындагы орто мектебинин физик мугалими Кубанычбекова Сайрагул.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев өз колу менен окуучуларга, аларды олимпиадага даярдаган мугалимдерге ыраазычылык билдируу менен бирге ардак грамота жана сыйлыктарын тапшырды.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын жети дубанынан барган райондук жана облустук билим таймашынын жеңүүчүлөрү республикалык олимпиадада күчтөрүн сынашып, мыкты деп табылган окуучуларыбыз эл аралык олимпиадага катышууга жолдомо алышты.