Бүгүн Талас Мамлекеттик Университетинде «Адеп ыйман жана руханий баалуулуктар-жаштарга билим ,тарбия берүүнүн негиздери»аттуу 14-студенттик илимий тажрыйбалык конференция өткөрүлдү.
Илимий тажрыйбалык конференция 5 секцияга бөлүнүп 140 студент катышты.Конференциянын максаты студенттерди илимге тартуу жана илимди өнүктүрүү, жана аларды практика жүзүндө иштетип көрүу.
Быйылкы докладдардын негизги мазмуну,илимдүүлүгү,практикалык иштерди жазаганы жана студенттин кошкон салымына практикалык маанисине көңүл бурулду .
Быйылкы илимий-тажрыйбалык конференция өзгөчө болуп өттү.Себеби бул конференцияда студенттер гана эмес, мектеп окуучусу да катышты.
Илимий тажрыйбалык конференция алгач каттоодон башталып пленардык жана секциялык отурумдан соң жыйынтык чыгарылып , секция башчыларынын кыскача маалыматтык отчету жана конференциянын резолюциясын кабыл алуу менен бирге татыктуу иштерди сыйлоо аземи менен жыйынтыкталды.
Даярдаган:Камчыбекова Р.
Мират кызы Н.