Кыргыз Республикасында экспортко багытталган жашылча үрөндөрүн өндүрүүнү жөнго салуу долбоору 5 жылдан бери иштеп келет.
Бүгүн Талас шаарында Экспортко багытталган жашылча үрөндөрүн өндүрүү үчүн фермердик талаа мектебинде үрөндөрдү туура өстүрүү жолдору менен тренер Атыкан Калмурзаев сабак өттү.
Эң алгач долбоордун максаты менен япон өкүлчүлүгүнөн келген эксперттерден маалымат алдык.
-2013-жылдан тарта бул долбоор иш баштаган.
Максатыбыз контракттык негизде үрөн өндүрүү үчүн жаңы багыт катары биздин аймакты тартуу болуп эсептелинет.Бул долбоордун алкагында биз 4 облус менен иштешебиз.Алар: Талас,Чуй,
Жалал-Абад,Ош .Учурда 24 тренерлерибизге өстүрүү жолдорун үйрөтөбүз.Ар бир тренерге үрөндү туура өстурүп жана иштетүү технологиясы үйрөтүлүп, окуу мөөнотү 3-4 жыл болот. Бул долбоор менен биз Япония жана Корея мамлекеттери мене иштешебиз.
Бул сабакка дыйкандар катышып өздөру кызыккан суроолоруна
жооп алышты.
Тренер Атыкан Калмурзаев топурактардын курамына дагы чон маани берерин айтып,топуракты туура даярдоону үйрөттү. Ошондой эле тренерден көчөт өстүрүүчү күнөсканасы тууралуу дагы маалымат алдык.
Даярдаган: Камчыбекова Р.
Осмоналиева Э.