«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Таласта 2 -апрель Бүткүл дүйнөлүк эл аралык балдар китеп күнү белгиленди.

31 Март 2017 жыл 16:18
Көрүүлөрдүн саны: 87

Китеп- билим булагы

Билим- өнөр чырагы.

20170331_150322

Китеп менен билим алып келебиз

Китеп биздин дүйнө тааныр кемебиз

Китеп менен  сырдаш болуп адамдар

Китеп менен жашоо улап келебиз.

20170331_151533

Бугун 31 март күнү Талас облустук балдар китеп канасында «Эн мыкты досум- китеп» аттуу иш чара 2-апрель Бүткүл дүйнөлүк эл аралык балдар китеп күнүнө карата  өткөрүлдү.Бул туралуу кененирээк ага китепканачы Айнагул Мырзакматова маалымат берди:

-Азыркы өтүлүп жаткан иш чара жөнүндө маалымат берип өтсөнүз?

— «2- апрель Бүткүл дүйнөлүк эл аралык балдар китеп күнү»жылда кызыктуу маектерди өткөрүп келебиз. Быйыл баяндама өтүп жатабыз. Өзүбүзчө азыр китеп көргөзмөсүн уюштурдук,азыр сценкадан соң мен баяндама менен тааныштырам ар бир китеп жөнүндө жакшы жазылган буларга кеңири маани берүүгө аракет кылып жакшы китептерди тандап алганбыз.

20170331_152325

Бүгүнкү өтүлүп жаткан баяндамада куурчак театры көргөзүлдү. Акылдуу баланын ролун жараткан Кундуз Кутманова китепти даңазалап интернетке караганда китеп балдардын акыл ээси өсүшүнө  чоон таасир берүүчү роль жаратканын айтты.

20170331_151517

20170331_152006

Баяндаманын катышуучусу жаш окурманыбыз Айгеримден китепти кантип пайдалануу керек экенин сурап билдик.

20170331_152642

      ZHanylyktar-31.03.17

Даярдаган: Камчыбекова Р.

                    Кубанычбекова А.