2017-жылдын 29-мартында Талас Мамлекеттик Университетинин Табият таануу жана педагогика факультетинде мамлекетик педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференция өттү.
Конференцияга 3-4 курстун студенттери катышып өздөрү даярдаган иш кагаздары менен тааныштырышты.Ар бир студент сабактын фрагментин көргөзүп окутуучулардын педагогикалык кырдаалдардан кантип чыгуу керек жөнүндөгү суроолоруна жооп беришти. Мындан тышкары студенттер «Биздин практика учурундагы изденүүчүлүк өзгөчөлүгүбүз» деген темадагы презентациялар жана видеолорун көргөзүштү.
Бул конференция студенттердин кандай денгээлде практиканы өтөгөнүн аныктап жана ага баа берүү максатында уюштурулду деген ой пикирин Табият таануу жана педагогика факультетинин окуу усулдук кеңешинин төрайымы жана окуу практикасынын жетекчиси Анара Анарбековна билдирди.
Талас Мамалекеттик Университетинин Табия таануу жана педагогика кафедрасынын методист окутуучусу Жузумкан Наматбековна студенттерин жогорку деңгээлде даярдап ыразычылык кат менен сыйланды.Ошондой эле Мамлекеттик жана педагогикалык практиканы жакшы деген баага өтөгөн студенттер грамоталар менен сыйланды.
Даярдаган: Камчыбекова Р