«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Айылдык мейман үйлөрү туризмдин өнүктүрүүсүнүн келечектүү багыты

29 Март 2017 жыл 9:59
Көрүүлөрдүн саны: 65

2017 –жылдын 29 мартында “Роза Отумбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Мекендештер” долбоорунун алкагында КР Өкмөтүнүн  Талас облосундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги менен биргеликте Кыргыз Респбликасындагы Миграция боюнча Эл аралык Уюмдун жана Эл аралык кызматташуу боюнча Швецариялык бюронун колдоосу менен “Айылдык мейман уйлөрү Талас облусундагы туризимдин өнүгүүсүнүн келечектүү багыты катары: абалы, келечеги, алдыңкы практикалар” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Круглый стол

Тегерек стол Талас шаарында, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн жыйындар залында өттү.

Тегерек стол чакан жана орто бизнести колдоо,жаңы жумуш орундарын түзүү жолдорун талкулоого, Талас облусунун туристтик жагымдуулугун котөрүүгө өбөлгө болгон жергиликтүү жамааттардын сервистик тейлөө чөйрөсүндөгү техникалык потециалын күчөтүү маселелерине багытталган.

Представители "Бай Түшүм"

Тегерек столдун Кыргыз Республикасынын экс-Презинденти Роза Отумбаева, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д.А.Кенекеев, Жамааттарга негизделген “Хоспиталити Кыргызстан” Кыргыз Туризм Ассоциациясынын жетекчиси М.Озбеков, “Бай түшүм”, “Компаньон” банктарынын, “Юнисон” коомдук фондунун өкүлдөрү жана башка башкаруунун тармактык органдарынын, жетекчилери жана адистери, туристтик компаниялардын өкүлдөрү, айылдык конок үйлөрдүн ээлери, ошондой эле эксперттер катышты.

Даярдаган: Кубанычбекова А.